Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели № 36
2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 44 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 36 токтому менен бекитилди |
2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү - жекшемби
2019-жылдын 19-майы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү | |||
1 | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү (мындан ары - айылдык кеңеш) | Добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-апрелине чейин) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КРнын Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) 10-бер. 4-бөл.) |
2 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-апрелине чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоолорду уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам 10-бер. 5-бөл.) |
3 | Шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин ЖМКларга жарыялоо | Алар бекитилген күндөн 4 календардык күндөн кечиктирбестен тартып | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык бөлүм) (Мыйзам 10-бер. 6-бөл.) |
4 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 15-апрелине чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 11-бер. 2, 3-бөл.) |
5 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын жана чектерин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 15-апрелине чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (шайлоолорду уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам 11-бер. 3-бөл.) |
6 | Шайлоо участкалардын схемаларын жана чектерин ЖМКда жарыялоо | Алар бекитилген күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 19-апрелине чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык бөлүмү) (Мыйзам 11-бер. 3-бөл) |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу | |||
7 | Аламүдүн аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана шайлоо өнөктүгүнүн башка катышуучулары үчүн окутуу тренингдерин өткөрүү | Өзүнчө план жана график боюнча | Окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү борбору, Шайлоо технологиялары борбору |
Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө | |||
8 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жеке маалымдарынын негизинде шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен шайлоочулардын тизмесин түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-апрелине чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 12-бер. 4-бөл.) |
9 | Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук түрдө БШКга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-апрелине чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 12-бер. 4-бөл.) |
10 | Шайлоочулардын тизмесин басып чыгаруу жана тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-апрелине чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо системасын башкаруу бөлүмү) (Мыйзам 12-бер. 4-бөл).) |
11 | Шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесин илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 15-апрелине чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер. 1-бөл.) |
12 | Жеке маалымдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (Форма 3) жөнүндөгү арыздарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу | Добуш берүү күнүнө чейин 11 календардык күндөн кечиктирилбестен (2019-жылдын 8-майына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, системалык администраторлор, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы, участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
13 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү шайлоо участокторунун чектери менен бөлүнгөн, шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирилбестен (2019-жылдын 11-майына чейин) | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (МКК) (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
14 | Номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирилбестен (2019-жылдын 17-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (маалыматтык шайлоо системасын башкаруу боюнча бөлүмү), Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 13-бер. 4-бөл.) |
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
15 | Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоого катышуу менен байланышкан, анын ичинде финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо | Документтерин тапшырган күндөн тартып | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы |
16 | Ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүгүн берүү, же жүйөлүү себептер менен каттоодон баш тартуу | Керектүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 21-бер. 3-бөл.) |
17 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Аламүдүн АШКсында документтерди кабыл алуу жана берилген маалыматтарда камтылган маалымдардын аныктыгын текшерүү боюнча Жумушчу топту түзүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы |
18 | Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда аяктайт (2019-жылдын 25-апрели, саат 24.00гө чейин) | Саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам 49-бер. 1, 2-бөл.) |
19 | Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон шайлоо документтерди Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 25-апрели, саат 24.00гө чейин) | Талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 60-бер. 1, 3-бөл.) |
20 | Талапкерлерди көрсөтүү тартибин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерүү | Документтер кабыл алынган күндөн тартып 8 календардык күндүн ичинде | Аймактык шайлоо комиссиясындагы тиешелүү Жумушчу топ (Мыйзам 53-бер. 4-бөл., 60-бер. 3-бөл.) |
21 | Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күнгө чейин (2019-жылдын 4-майына чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 60-бер. 7-бөл.) |
22 | Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү | Талапкерлерди каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-бер. 12-бөл. 60-бер. 9-бөл.) |
23 | Талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялоо | Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календардык күндүн ичинде | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-бер. 11-бөл. 60-бер. 8-бөл.) |
24 | Талапкердин шайлоого катышуудан баш тартуусу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 17-майына чейин) | Депутаттыкка талапкерлер (Мыйзам 54-бер. 1, 2-бөл.) |
25 | Талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 17-майына чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 44-бер.) |
26 | Шайлоо комиссияларындагы саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү же жүйөлөштүрүлгөн түрдө аларды каттоодон баш тартуу | Керектүү документтер келип түшкөн сайын | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 18-бер. 2-бөл., 19-бер.) |
Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу | |||
27 | Обо убактысы жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин ММКга жарыяланууга жана БШКга берилүүгө тийиш | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 13-апрелине чейин) | Жалпыга маалымдоо каражаттары (Мыйзам 22-бер. 20-бөл.) |
28 | Шайлоочуларды шайлоого даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымдоо | Шайлоону дайындоо жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы жарыялангандан кийин | Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, учурдагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар (БШКнын маалыматтык бөлүмү) (Мыйзам 22-бер. 2-бөл.) |
29. | Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү | Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат айылдык кеңешке бардык талапкерлер (2019-жылдын 4-майы) жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2019-жылдын 18-майында, саат 8.00дө) | Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, массалык маалымат каражаттар (Мыйзам 23-бер. 1-бөл.) |
30 | Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу | Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин | Аймактык шайлоо комиссиясы мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте (Мыйзам 26-бер. 1-бөл.) |
31 | Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп берүү жана тариздөө | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам 27-бер. 3-бөл.) |
Эл аралык байкоочулар | |||
32 | Эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн шайлоо органдарына шайлоого байкоого катышууга чакырууларды жиберүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы (Эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам 8-бер. 1-бөл.) |
33 | Эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо | Тапшырыктар түшкөн сайын | Борбордук шайлоо комиссиясы (Эл аралык кызматташтык бөлүмү) (Мыйзам 8-бер. 1, 2-бөл.) |
Шайлоону каржылоо | |||
34 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) |
35 | Айылдык кеңештерге талапкерлер тарабынан шайлоо фонддорун түзүү | Жарандар өзүн-өзү көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин | Талапкер, ыйгарым укуктуу өкүл (Мыйзам 15-бер. 1-бөл., 60-бер. 1-бөл.) |
36 | Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо | Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып | Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 16-бер. 1-бөл.) |
37 | Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу | Шайлоо комиссияларына акча каражаттары бөлүнгөндөн кийин | Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү топ, Борбордук шайлоо комиссиясы (пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү) (Мыйзам 16-бер. 2-бөл.) |
38 | Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоо фонддорун түзүү булактары жана өлчөмү, алардын чыгымдалышы боюнча отчетторду берүү | 1) АШКга, каттоо үчүн башка керектүү документтер менен бирге шайлоо күрөөсүн (шаардык кеңешке шайлоо боюнча) төккөндүгү тууралуу документтерди берүү 2) Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 11-майына чейин) 3) шайлоодон кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 27-майына чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар (Мыйзам 15-бер. 19-бөл.) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү топ, аймактык шайлоо комиссиялар (Мыйзам 16-бер. 2-бөл.) |
Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | |||
39 | Шайлоо бюллетендеринин формасын жана коргоо даражасын бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 4-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 30-бер. 1-бөл.) |
40 | Шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 4-майына чейин) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 30-бер. 3-бөл.) |
41 | Добуш берүү убактысы жана жайы жөнүндө шайлоочуларга ЖМКлар аркылуу же башкача ыкма менен кабар берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирбестен, (2019-жылдын 11-майына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер. 1-бөл.) |
42 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерди даярдоо | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күндөн кечиктирилбестен (2019-жылдын 11-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам 30-бер. 8-бөл.) |
43 | Шайлоо бюллетендерин Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жеткирип жана акты боюнча өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө чейин 8 календардык күнгө чейин (2019-жылдын 11-майына чейин) | Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү) (Мыйзам 30-бер. 13-бөл.) |
44 | Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күнгө чейин (2019-жылдын 16-майы) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 30-бер. 13-бөл.) |
Добуш берүү тартиби | |||
45 | Добуш берүүнү добуш берүүчү жайдан тышкары жерде өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда (2019-жылдын 18-майы саат 8.00дөн 20.00гө ) | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 33-бер. 2-бөл.) |
46 | Добуш берүүнү өткөрүү | 2019-жылдын 19-майы саат 8.00дөн 20.00гө чейин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер.) |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо | |||
47 | Бюллетендерди добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөн алып чыгуу жана аларды АЭУ аркылуу өткөрүү | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 6-бөл.) |
48 | АЭУдан добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө отчетту кагазга басып чыгаруу жана маалыматтарды байланыштын корголгон каналдары аркылуу борбордук серверге өткөрүп берүү | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда участкалык шайлоо комиссиялары |
49 | Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | УШКдан маалыматтар алынгандан кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары, Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 40-бер. 2-бөл.) |
50 | Добуш берүүнүн натыйжаларын добуштарды кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча аныктоо | Добуш берүү аяктагандан кийин | Байкоочулардын катышуусунда участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 12-бөл.) |
51 | Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү, келип түшкөн даттанууларды (арыздарды) кароо | Добуштар саналгандан кийин | Байкоочулардын, талапкерлердин жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 14-бөл.) |
52 | Участкалык шайлоо комиссия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктар жөнүндө протоколун эки нускада түзүү жана ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү кол коет | Жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлгөндөн кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 15-бөл.) |
53 | Участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жайга жалпыга тааныштыруу үчүн протоколдун чоңойтулган формасын илүү | Добуш берүү жөнүндө протоколду түзгөндөн кийин | Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер., 19-бөл.) |
54 | Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтери менен бирге АШКга жеткирүү жана акт менен өткөрүп берүү | УШКнын мүчөлөрү кол койгондон кийин токтоосуз | Участкалык шайлоо комиссиялары, Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы, ИИМ (Мыйзам 36-бер. 17-бөл.) |
55 | Шайлоо участкаларга добуш бергендердин тизмелерин илүү | Добуш берүү күнүнөн кийин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2019-жылдын 22-майына чейин) | Участкалык шайлоо комиссиялары |
56 | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын, добуш берүү, добуштарды саноо жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан аныкталган тартипте келип түшкөн арыздарды (даттанууларды) кароо үчүн жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрүү | УШКнын протоколдору алынгандан кийин, тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорго кол коюлганга чейин | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 37-бер. 2-бөл.) |
57 | Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду шайлоо комиссия тарабынан түзүү жана ага катышкан бардык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго эки нускада түзүлгөн тиешелүү аймакта жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү жыйынды таблица, шайлоо комиссияларынын өзгөчө пикири жана ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет | АШКнын жыйынтыктоочу жыйналышынан кийин | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 37-бер. 3-бөл.) |
58 | Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо | 2018-жылдын 3-июнуна чейин (добуш берүү күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен) | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 38-бер. 1-бөл.) |
59 | Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү | АШК протоколуна кол коюлгандан кийин токтоосуз | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 37-бер. 4-бөл.) |
60 | Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалыматты массалык маалымат каражаттарына жиберүү | Шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 1 сутканын ичинде | Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 40-бер. 3-бөл.) |
61 | Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аныктоо | Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу алынгандан кийин | Борбордук шайлоо комиссиясы ("Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пункту) |
62 | Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө төмөн турган түздөн түз шайлоо комиссиялардын протоколдорунда камтылган маалыматтарды кошуу менен, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган шайлоочулардын добуштарынын, бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын саны тууралуу маалыматтарды расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде | Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 40-бер. 4-бөл.) |