Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-апрели №47
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Нарын шаардык, Кадамжай, Ак-Суу, Тоң, Москва, Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Бишкек, Нарын шаардык, Кадамжай, Ак-Суу, Тоң, Москва, Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Нарын шаардык, Кадамжай, Ак-Суу, Тоң, Москва, Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Нарын шаардык, Кадамжай, Ак-Суу, Тоң, Москва, Өзгөн жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 47 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Десятников Павел Николаевич (№ 10) ("Мекеним Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 19, 04.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Алимова Рашида Журабаевна (№ 3) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 2, 04.04.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
3 | Айдаркен шаардык | Якубов Акпарали Абдулложонович (№ 4) ("Республика" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 9, 02.04.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
4 | Каракол айылдык | Термечиков Марат Аскерович | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 3, 03.04.2019-ж. |
Тоң району | ||||
5 | Көл-Төр айылдык | Мааткеримов Улан Абдылдыбекович | Өз арызы, Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 5, 02.04.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
6 | Фрунзе айылдык | Омаралиев Руслан Намазалиевич | Өз арызы, Айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу | № 1, 01.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
7 | Салам-Алик айылдык | Абдыкадыров Майсалбек Турдушович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 24, 04.04.2019-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
8 | Ылай-Талаа айылдык | Төрөгелдиева Бурулкан Калиловна | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 8, 03.04.2019-ж. |
9 | Кызыл-Жар айылдык | Токтомуратов Майрамбек Сатыбалдыевич | Өз арызы | № 8, 03.04.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 47 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | № 9 Сарбоева Лолахон Маматхоликовна ("Республика" с/п) | Өз арызы | № 10, 02.04.2019-ж. |
2 | № 10 Амершаев Ахмадали Ахраршаевич ("Республика" с/п) | Өз арызы |
| |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги № 47 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович (№ 8) ("Кыргызстан" с/п) | Жеке ишкер | № 2, 04.04.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
2 | Айдаркен шаардык | Тиллабаев Омурбек Имарович (№ 11) ("Республика" с/п) | "Эрлан" фермердик чарба, агроном | № 10, 02.04.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
3 | Каракол айылдык | Кидебаев Өмүрбек Абдышевич | "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Ак-Суу райондук филиалы, почтальон | № 4, 03.04.2019-ж. |
Тоң району | ||||
4 | Көл-Төр айылдык | Өмүракунов Жанарбек Намазбекович | "Тоолу өрөөн коому" коомдук бирикме, төрага | № 5, 02.04.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Москва району | ||||
5 | Фрунзе айылдык | Камбарбаев Абай Осербекович | Сокулук энергосбыт, инспектор | № 1, 01.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
6 | Салам-Алик айылдык | Рахманбердиева Замира Бекелаевна | Жеке чарба | № 25, 01.04.2019-ж. |
Кара-Кулжа району | ||||
7 | Ылай-Талаа айылдык | Темирбаев Нурмамат Камчыбекович | Жеке ишкер | № 9, 03.04.2019-ж. |
8 | Кызыл-Жар айылдык | Одонов Жунус Орунбекович | Убактылуу иштебейт | № 9, 03.04.2019-ж. |