Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну № 2472-Vl
"2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-мартындагы № 162 токтому) "2017-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |