Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 2601-VI
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Ж.Рыспаев, А.А.Турсунбаев, А.Т.Жутанов, Э.Ж.Байбакпаев, М.А.Исаков, У.Т.Кыдыралиев, Ж.А.Калмаматов, А.И.Кулбараков, А.М.Маматов, Н.Н.Нишанов, И.А.Пирматов, А.М.Султанов, Ж.К.Турускулов, И.В.Чудинов, И.З.Сарсейитов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 31-январындагы № 71 токтому) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз . Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |