Редакцияот 18.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 18-октябры № 2644-VI

"2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда өндүрүштө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 23-августундагы № 387 токтому) "2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда өндүрүштө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков