Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу № 387
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Минск шаарында 2013-жылдан 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 387 токтому менен жактырылган |
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекетин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуу Евразия экономикалык коомдоштугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин 2013-жылдын 31-майындагы № 637 чечими менен кабыл алынган.
Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишим 2015-жылдын 20-мартындагы № 63 "2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган.
Мында, Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимдин 3-беренесинде Тараптар ушул Келишимдин 5-тиркемесинде аталган эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатка ылайык деп таанышат. Аталган келишимдин 5-тиркемесине ылайык Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашуу эл аралык келишимдердин Тизмегине кирген, алар боюнча күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатка ылайыктуу.
Макулдашууда Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жумушка орноштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин ортосунда эмгекти коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдейт жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын жумушка орноштурган мамлекеттин ченемдик базасынын негизинде коргоо боюнча натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.