Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-ноябры № 2693-VI
"2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштен жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 23-августундагы № 387 токтому) "2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |