Редакцияот 28.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 28-ноябры № 2715-VI

"2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 30-августундагы № 412 токтому) "2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары болуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу жыйынтыктардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант № ТF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Д.Джумабеков