Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 2753-VI
"Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" жана "Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3160-VI, 2020-жылдын 19-мартындагы № 3642-VI, 2020-жылдын 18-июнундагы № 3939-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" жана "Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
М.А.Айнакулов,
А.К.Касымалиева,
М.Б.Эгембердиев - КСДП парламенттик фракциясынан;
(Абзац КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы № 3939-VI токтомуна ылайык күчүн жоготту)
У.Т.Кыдыралиев,
З.Э.Шарапов - "Республика-Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
Д.Э.Төлөнов,
А.А.Турсунбаев - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
И.А.Масалиев - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Б.С.Турусбеков - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
К.К.Иманалиев - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарыл болсо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын мамлекеттик органдарынын аталган маселенин тармагы боюнча адистерин жана эксперттерин ишке тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2019-жылдын 31-октябрына чейин иштин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3160-VI, 2020-жылдын 19-мартындагы № 3642-VI, 2020-жылдын 18-июнундагы № 3939-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |