Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 3160-VI
"Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" жана "Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 2753-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 6-декабрындагы № 2753-VI токтому менен түзүлгөн "Датка-Кемин" 500 кВ электр өткөргүч линиясын жана "Кемин" 500 кВ көмөкчү чордонун куруу" жана "Кыргызстандын түштүгүндө электр өткөргүчтөр линияларын модернизациялоо" долбоорлорун ишке ашырууга багытталган кредиттик каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын иши 2019-жылдын 31-октябрына чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 6-декабрындагы № 2753-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-пункттагы "2019-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөр "2019-жылдын 31-октябрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |