Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 2800-VI
Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат А.К.Касымалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
үчүнчү абзацтагы "Кодуранова Асель Союзбековна" деген сөздөр "Касымалиева Аида Камчыбековна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктун экинчи абзацындагы "А.С.Кодуранова" деген сөздөр "А.К.Касымалиева" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |