КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-январы № 2836-VI
"Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 5-мартындагы № 124 токтому) "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |