Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 2847-VI
"1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 20-июнундагы № 297 токтому) "1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |