Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 297
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- " 1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Франция Өкмөтүнө депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 297 токтому менен жактырылган |
1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктурууну, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Ашыкча азап чегүүнү жараткан куралды (б.а. ууну жана ууланган куралды) колдонууга 1868 жана 1899-жылдардагы декларациялар жана 1907-жылдагы Гаага конвенциясы менен тыюу салынган. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин биологиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык милдеттенмелер, химиялык куралга тыюу салуунун эл аралык-укуктук режими сыяктуу активдүү иштелип чыккан.
Куралдын мындай түрлөрү "согуштун тыюу салынган каражаттарына", башкача айтканда эл аралык укук боюнча аларды колдонууга жол берилбей турган каражаттарга киргизилген жана аскердик кылмыш же юридикалык жоопкерчиликке алып келүүчү адамдарга каршы кылмыш катары каралат. Мындай эл аралык иштердин жыйынтыгы көп тараптуу Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго (мындан ары - Протокол) кол коюу болду, ал согушта бактериологиялык куралды колдонууну чектөөчү эл аралык-укуктук режимди түзүүдө маанилүү кадам болуп калды.
Протоколго 1925-жылдын 17-июнунда 37 мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан кол коюлган жана 1928-жылдын 8-февралында күчүнө кирген.
Протокол ага кол койгон жана ратификациялаган же ага толугу менен кошулган мамлекеттерге карата гана анын жоболорун аткарууну милдеттендирет жана дос эмес мамлекеттер, куралдуу күчтөр, ошондой эле ушул Протоколдун предметин түзгөн тыюу салууларды тааныбаган формалдуу же иш жүзүндөгү өнөктөштөр үчүн милдеттүү болуп саналбайт.
Протокол маанилүү юридикалык жактан милдеттендирген көп тараптуу инструмент болуп саналат, анын мааниси Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 17-августундагы № 144 "Москва, Лондон жана Вашингтон шаарларында 1972-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана алардын запастарын топтоого тыюу салуу жөнүндө жана аларды жок кылуу тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Биологиялык жана уулуу куралга тыюу салуу жөнүндө конвенциянын (мындан ары - Конвенция) контекстинде да актуалдуу.
Ошол учурдагы тарыхый жагдайларга жараша Конвенциянын долбоору боюнча (1969-1971-жылдары) сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда биологиялык жана уулуу куралды колдонууга тыюу салуу анын текстине кирбей калган.
Ушуга байланыштуу Конвенциянын башкы максаты 1-берененин жоболорун ишке ашыруу аркылуу жетишилүүдө: биологиялык жана уулуу куралды иштеп чыкпоо, өндүрбөө, чогултпоо, башка жолдор менен сатып албоо жана сактабоо. Биологиялык жана уулуу куралды 1-берененин тигил же бул жоболорун бузбастан колдонууга мүмкүн эмес, Конвенцияга катышуучу мамлекеттер 1996-жылдан тартып консенсустук түшүнүк менен Конвенция биологиялык жана уулуу куралдын колдонулушуна тыюу сала турганын ырасташат.
Мында, ушундай түшүнүк Протоколдун аброюн чыңдоо жөнүндө маселени күн тартибинен албайт жана өз алдынча, ошондой эле юридикалык милдеттендирген документ катары Конвенцияны толуктайт. Бул көп тараптуу эки келишимдин режимдери менен түзүлүүчү синергетикалык натыйжага карата мындай макулдук Концепциянын обзордук конференцияларынын документтеринде көп жолу белгиленген.
Протоколдун көп тараптуулугу аны чыңдоонун кыйла анык жолу болуп саналат. Конвенцияга катышуучу мамлекеттердин Протоколго кошула электерди ага кошулгула деген - чакырыгы, Конвенциянын 2011-жылдагы VII обзордук конференциясынын консенсус менен жактырылган жыйынтыктоочу баяндамасына киргизилген.
Россия Федерациясы СССРди улантуучу мамлекет катары Протоколдун катышуучусу болуп саналат, аны 1928-жылы ратификацияланган, өз кезегинде Россия СССРдин укугун улантуучу катары 1992-жылы Протокол боюнча бардык милдеттенмелерди ырастаган.
Тажикстан, Беларусь жана Армения БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча өзүнүн улуттук планын ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда Протоколго кошулуу боюнча жол-жоболорду жүргүзүшүүдө.
БУУнун маалыматы боюнча 2018-жылдын март айына карата дүйнөдөгү 140 мамлекет Протоколдун мүчөсү болуп саналат. КМШ өлкөлөрүнөн Протоколго ошондой эле Молдова жана Украина кошулган.
Протоколго кошулуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын ченемдерине туура келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине каршы келбейт.
Протоколго кошулуу Кыргыз Республикасы үчүн финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт.