КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 2850-VI
"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегинин" 1-тиркемесинин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Аргентина Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы жана башка түштүк-америка өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу".
2. "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегинин" 2-тиркемеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Касымалиева |