Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-февралы № 2877-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы № 1258-VI токтому менен түзүлгөн Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча жайгашкан М.Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянтындагы жер участогун, ошондой эле К.Бакиевдин айлана-чөйрөсүнө мурда тиешелүү болгон башка объектилерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы № 1258-VI токтому менен түзүлгөн Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча жайгашкан М.Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянтындагы жер участогун, ошондой эле К.Бакиевдин айлана-чөйрөсүнө мурда тиешелүү болгон башка объектилерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү 2019-жылдын 30-июнуна чейин узартылсын.
2. "Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча жайгашкан М.Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянтындагы жер участогун, ошондой эле К.Бакиевдин айлана-чөйрөсүнө мурда тиешелүү болгон башка объектилерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1596-VI токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |