Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 3021-VI
Кытай Эл Республикасы менен чек арада чегарага чектеш сооданын "Иркештам" Эл аралык борборун түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кытай Эл Республикасы менен чегарага чектеш кызматташууларды мындан ары түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын чегарага чектеш региондорунун индустриалдык-инновациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү, өнөр жайынын тармактык түзүмдөрүн модернизациялоо, республиканын коңшу өлкөлөр менен эл аралык байланыштарын чыңдоо жана жаңы өнөр жай өндүрүшүн түзүүнүн жана товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн эсебинен бюджеттик келип түшүүлөрдү көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Алай районунун аймагында "Сары-Таш" чегарага чектеш сооданын Эл аралык борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-октябрындагы № 451 токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айдын ичинде маалымат берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чегарага чектеш сооданын "Иркештам" Эл аралык борборун түзүү жөнүндө макулдашууну даярдоо боюнча кытай тарабы менен сүйлөшүүлөрдү үч айдын ичинде жүргүзсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |