Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-майы № 3043-VI
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө.".
2. Преамбуладагы "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы" деген сөздөр "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө Жобо бекитилсин".
4. 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Акчалай сыйлыктын өлчөмү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жыл сайын аныкталат.".
5. 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.".
6. Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгынын Жобосуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө Жобо";
2) 1-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин, башка мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун формасы болуп саналат жана адабият жаатында жетишкендиги, көрүнүктүү оригиналдуу чыгармалары жана көп тармактуу адабий ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат";
- экинчи абзацтагы "сыйлыкка", "Ч.Айтматов" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Сыйлыкка" жана "Чынгыз Айтматов" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги биринчи абзацтагы "Ассамблеясынын" деген сөз "Ассамблеянын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "төрагасы" деген сөз "Төрагасы" деген сөзгө; мамлекеттик тилдеги "Ассамблеясынын" деген сөз "Ассамблеянын" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 3-пунктта:
- биринчи абзацтагы "сыйлыкка" деген сөз "Сыйлыкка" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 4-пункттагы "Ч.Айтматовдун" деген сөздөр "Чынгыз Айтматовдун" деген сөздөргө; мамлекеттик тилдеги "ага", "күнүндө эреже катары", "Ассамблеясынын" жана "төрагасы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "анын", "Чынгыз Айтматовдун", "күнүндө, эреже катары,", "Ассамблеянын" жана "Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) расмий тилдеги 6-пункттагы "премией" деген сөз "Премией" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги жобо төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Сыйлык бир адамга эки жолу берилбейт.";
8) 7-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Жоготпоону болтурбоо мүмкүнчүлүгү жок жагдайларда медалды жоготкон учурда, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими боюнча сыйланганга медалдын дубликаты берилиши мүмкүн.
Акчалай сыйлыктын өлчөмү жыл сайын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.";
- расмий тилдеги экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Размер денежного вознаграждения ежегодно определяется Жогорку Кенешем Кыргызской Республики до 30 декабря года, предшествующего году присуждения премии Межпарламентской Ассамблеи государств-участников Содружества Независимых Государств имени Чингиза Айтматова.";
9) мамлекеттик тилдеги 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Медалга мыйзамсыз ээ болгон адамдан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алынган, ошондой эле ээси аныкталбаган медаль Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына жиберилет.";
10) мамлекеттик тилдеги 9-пунктта:
- биринчи абзацтагы "ага", "Ассамблеясынын" жана "жатат" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "анын", "Ассамблеянын" жана "тийиш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "Кайтыш", "ага", "болгондо мамлекеттик жана "кайтыш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Каза", "анын", "болгондо, мамлекеттик" жана "каза" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) мамлекеттик тилдеги 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Эгерде сыйлыкка көрсөтүүнүн так эместиги же негизсиздиги аныкталса, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши сыйлоо жөнүндө чечимди жокко чыгарат.
Сыйлоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган адамга тапшырылган медаль жана анын күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга тийиш.";
12) мамлекеттик тилдеги 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Эгерде сыйланган адам тарабынан медалдан ажыроочу жосун жасалып, ал коомго коркунуч туудурган мүнөзүн жоготсо, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши КМШга катышкан мамлекеттин жаранынын медалга болгон укугун калыбына келтириши мүмкүн.
Медалга укуктуулугун калыбына келтирүү жөнүндө Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими күчүнө киргенден кийин сыйланганга медаль жана анын күбөлүгү кайтарылат.";
13) мамлекеттик тилдеги 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Медалды мыйзамсыз сатып алуу же сатып жиберүү, анын аталышына окшош же сырткы окшоштугу бар белгилерди уюштурууга жана чыгарууга, ошондой эле медалды тагынууга укугу жок адамдардын тагынуусуна тыюу салынат.";
14) 13-пунктта:
- расмий тилдеги "премией" деген сөз "Премией" деген сөзгө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Сыйлык менен сыйланган Парламенттер аралык Ассамблеянын пленардык жыйындарына жана анын Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ишине, жыйындарына катышууга укуктуу.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |