Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы N 2253-V токтомуна тиркеме |
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V, 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомдорурун редакцияларына ылайык)
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин, башка мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды сыйлоонун формасы болуп саналат жана адабият жаатында жетишкендиги, көрүнүктүү оригиналдуу чыгармалары жана көп тармактуу адабий ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат.
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Ардак грамотасы менен мурда сыйлаган эреже катары жыл ичинде мамлекеттен бирден ашык эмес талапкер Сыйлыкка көрсөтүлөт. Бир жылда бир адам Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты боло алат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сыйлыкка көрсөтүү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
KMШ өлкөлөрүнүн президенттери;
KMШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Төрагасы;
Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин Башкы катчысы;
маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблея комиссиялары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3. Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңеши өзүнүн жыйынында Сыйлыкка көрсөтүүнү бекитет, Парламенттер аралык Ассамблеянын Маалыматтык бюллетенинде жарыялана турган токтомду кабыл алат.
Сыйлыктын медалынын жана ага күбөлүгүнүн номери бар.
4. Сыйлыктын медалы жана анын күбөлүгү сыйлануучуга салтанаттуу жагдайда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүндө, эреже катары, Парламенттер аралык Ассамблеянын жыйынында Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин Төрагасы же анын тапшыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Башкы секретары тарабынан тапшырылат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
5. Медаль сол төшкө тагылат.
Медалдын жайгашуусу сыйлануучунун жарандуулугу болуп саналган мамлекеттин мыйзамдары тарабынан аныкталат.
6. Сыйлык бир адамга эки жолу берилбейт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жоготпоону болтурбоо мүмкүнчүлүгү жок жагдайларда медалды жоготкон учурда, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими боюнча сыйланганга медалдын дубликаты берилиши мүмкүн.
Акчалай сыйлыктын өлчөмү жыл сайын Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы ыйгарылуучу алдыдагы жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
Медалдын дубликатын берүү жөнүндө сунуштама сыйлангандын арызы боюнча каралат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 3623-V, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 4520-V, 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомдорурун редакцияларына ылайык)
8. Медалга мыйзамсыз ээ болгон адамдан укук коргоо жана бажы органдары тарабынан алынган, ошондой эле ээси аныкталбаган медаль Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына жиберилет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сыйланган каза болгон учурда медаль жана анын күбөлүгү мураскерлерде калат. Мураскерлери болбогон учурда медаль жана ага күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга тийиш, ал андан ары аларды сактоонун тартиби жана орду жөнүндө чечим кабыл алат.
Каза болгон сыйлангандын медалы жана анын күбөлүгү мураскерлердин макулдугу менен музейдин сунуштамасы болгондо, мамлекеттик музейлерге берилиши мүмкүн. Сактоо жана көргөзүү үчүн музейге берилген медаль каза болгон сыйлангандын мураскерлерине кайтарылып берилбейт.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
10. Эгерде сыйлыкка көрсөтүүнүн так эместиги же негизсиздиги аныкталса, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши сыйлоо жөнүндө чечимди жокко чыгарат.
Сыйлоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарылган адамга тапшырылган медаль жана анын күбөлүгү Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин катчылыгына кайтарылууга тийиш.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
11. Эгерде сыйланган адам тарабынан медалдан ажыроочу жосун жасалып, ал коомго коркунуч туудурган мүнөзүн жоготсо, Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңеши КМШга катышкан мамлекеттин жаранынын медалга болгон укугун калыбына келтириши мүмкүн.
Медалга укуктуулугун калыбына келтирүү жөнүндө Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин чечими күчүнө киргенден кийин сыйланганга медаль жана анын күбөлүгү кайтарылат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
12. Медалды мыйзамсыз сатып алуу же сатып жиберүү, анын аталышына окшош же сырткы окшоштугу бар белгилерди уюштурууга жана чыгарууга, ошондой эле медалды тагынууга укугу жок адамдардын тагынуусуна тыюу салынат.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)
13. Сыйлык менен сыйланган Парламенттер аралык Ассамблеянын пленардык жыйындарына жана анын Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ишине, жыйындарына катышууга укуктуу.
(КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-майындагы № 3043-VI токтомунун редакциясына ылайык)