Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 3057-VI
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин жана 2021-2022-жылдарга болжолунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясынын жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жактырылсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясында жана 2021-2022-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарга жана багыттарга ылайык даярдоону камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын 13-майындагы "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясынын жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору жөнүндө" чечиминин 2-пунктунда баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясында көрсөтүлгөн бюджеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жасалган жумуш жөнүндө маалыматты жана "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун 2019-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 16-майындагы № 3057-VI "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга БЮДЖЕТТИК РЕЗОЛЮЦИЯСЫ жана 2021-2022-жылдарга болжолу
Кыргыз Республикасынын 2020-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 14-мартындагы № 2295-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясын түзүү боюнча Жобого ылайык иштелип чыкты.
Ушул Бюджеттик резолюцияда аныкталган, орто мөөнөттүк мезгилге эсептелген бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирүүчү мыйзам долбоорлорун, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун түзүүдө ориентир катары кызмат кылат.
2020-2022-жылдары төмөнкүдөй негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр камсыз кылынууга тийиш:
Көрсөткүчтөр | 2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. |
божомол | божомол | божомол | |
Ички дүң өндүрүм (ИДӨ), млн. сом | 667078,8 | 736239,3 | 798819,6 |
Реалдуу өсүү темпи, % | 4,4 | 4,2 | 5,2 |
Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП, % | 4,5 | 4,6 | 4,5 |
Инфляция (мурунку жылдын декабрына карата), % | 5,4 | 5,7 | 4,1 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн үлүшүн 2020-жылы ИДӨгө карата 26,1% деңгээлинен 2022-жылы 26,6%га чейин жеткирүүнү жана орто мөөнөттүк мезгил ичинде салыктык жүктү 2020-жылы ИДӨгө карата 22,0%дан 2022-жылга 20,6%га чейин кыскартууну;
- республикалык бюджеттин (финансылык активдерди эсепке алуу менен), Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгымдарынын өсүшүн жыл сайын 4,4%дан ашырбоону;
- мамлекеттик финансынын балансталышын жана мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин дефицитинин (тартыштыгынын) контролдонуучу деңгээлин ИДӨгө карата 3%дын чегинде кармоо.
I. 2020-2022-жылдарга бюджеттик саясаттын негизги багыттары
Ушул Бюджеттик резолюцияда Өкмөткө орто мөөнөттүк максаттарга жетишүү үчүн биринчи кезектеги макроэкономикалык, инвестициялык жана социалдык төмөнкүдөй милдеттерди эске алуу сунушталат.
1. Экономиканы модернизациялоого жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга артыкчылыктуу түрдө негизденүү менен өндүрүштү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
2. 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын эсепке алуу менен региондорду цифралаштыруу.
3. Мамлекеттик карыздарды башкаруу чөйрөсүндө:
- мамлекеттик карыздын деңгээлин кармап туруу үчүн, мүмкүн болушунча азыраак сарптоолор жана аз тобокелдиктер менен карыз алуу аркылуу мамлекеттик керектөөлөрдү финансылоо;
- мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) менен иштөөнүн айкындуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик карызды башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасын өркүндөтүү;
- ички карыздоонун зарылдыгын негиздөө жана ошондой эле аны алуунун себептерин көрсөтүү менен, МБК чыгаруунун ар бир учуру боюнча тарамдалган отчеттуулукту жүргүзүү.
4. Региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик камсыздалгандыгын теңдештирүүнү эсептеп чыгуунун автоматташтырылган моделин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- өлкөнүн жана муниципалитеттердин кызыкчылыктарынын балансын эсепке алуу менен, капиталдык салымдарды финансылоонун схемасын кайра кароо. Өнүгүүнүн жергиликтүү бюджеттерин түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелик дараметин жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, бул үчүн төмөндөгүлөрдү жасоо: эсепке алынбаган жер жана мүлк объекттерин экономикалык жүгүртүүгө киргизүү, ижарага берилүүчү муниципалдык объекттердин тартымдуулугун жогорулатуу, кыймылсыз мүлк объекттеринин рыноктук нарктын негизинде эсептелүүгө тийиш кадастрдык наркын эсепке алуу менен мүлк салыгы боюнча салыктык базаны кайра эсептөө жана башкалар;
- жер казынасын пайдалануудан жана менчикти сатуудан түшкөн кирешелерди башкаруунун принциптерин өзгөртүү, мындай кирешелерди утурумдук (учурдук) чыгымдарга жумшоого чектөө киргизүү, аларды өнүгүү максаттарына багыттоо;
- бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо боюнча бир кыйла жакшыртылган механизмдерди иштеп чыгуу (дотациялык жергиликтүү бюджеттердин канчасы дотациядан чыгарыла тургандыгын аныктоо);
- коңшу өлкөлөр менен талаштуу жана/же аларга чектеш райондордун жана айыл-кыштактардын өзгөчө статусу жөнүндө жоболорду административдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун алкагында иштеп чыгуу жана киргизүү.
5. Көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана аларды легалдаштыруунун фискалдык механизмдерин иштеп чыгуу боюнча чараларды көрүү, бул үчүн "Мүлктү легалдаштыруу, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун 2019-жылдын 1-ноябрына чейин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.
6. Бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды аткезчилигине каршы күрөшүү максатында мунай жана мунай өндүрүмдөрүн алуу жагындагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Казакстан Республикасы менен өкмөттөр аралык келишимди түзүү.
7. Бюджеттик процессти өркүндөтүү:
- бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бюджеттик маалыматтардын жана бюджеттик жол-жоболордун айкындыгын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирүүчү бюджеттерди 2020-жылдан тартып 2014-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасына ылайык түзүү;
- инфляциянын темпине жараша эмгек акы төлөөнүн минималдык өлчөмүн этап менен жогорулатуу;
- штаттык нормативдерди, тарифтик коюмдарды, кызмат орундук маяналарды жана түрткү берүүчү сыйлык төлөмдөрүн кызматкерлердин жумушунун сапаттык көрсөткүчтөрүн жана өлкөнүн региондорунун жаратылыштык-климаттык шарттарын эсепке алуу менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасынын улуттук стандартын киргизүү;
- бюджеттик системанын бардык деңгээлдеринде бюджеттик классификациянын бөлүмдөрүнө ылайык бюджеттик отчеттуулукту жарыялоонун милдеттүүлүгүн киргизүү;
- мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин бюджеттик чыгымдарды функциялык классификациялоо боюнча 2020-жылы түзүү жана аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, прокуратурасынын жана сотторунун республикалык бюджетке чегерүүлөрүн эсепке алуунун бирдиктүү системасын Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу киргизүү.
8. Министрликтердин, ведомстволордун жана бюджеттик уюмдардын иши жөнүндө отчеттуулукту программалык бюджеттөөнүн негизинде жүргүзүүгө, алардын ишин жана функциялык милдеттерин баалоонун натыйжалары боюнча финансылоого өтүү.
9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаттары боюнча контролдук цифраларды түзүүдө базалык мамлекеттик камсыздандыруу боюнча эсептик көрсөткүчтү калктын бир адамына алганда 1500 сомдон кем эмес өлчөмдө колдонууну камсыз кылуу.
10. Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Стратегияны иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик инвестицияларды натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, бул Стратегияда төмөндөгүлөрдү эске алуу:
- пландалып жаткан мамлекеттик инвестициялар үчүн кедейликти азайтууга жана экономикалык өсүштү тездетүүгө көмөк берүүчү так артыкчылыктарды аныктоону;
- тышкы жардамдарды мамлекеттик инвестициялар Стратегиясынын артыкчылыктарына гана тартууну;
- мамлекеттик инвестициялар Стратегиясын коомчулукту милдеттүү түрдө тартуу менен мониторингдөөнүн жана баалоонун механизмин түзүүнү;
- ички бюджеттик ресурстарды мамлекеттик инвестициялар Стратегиясынын артыкчылыктарына гана карата колдонууну;
- мамлекеттик инвестицияларды эсепке алуунун маалыматтык системасын түзүүнү жана анда сакталып турган маалыматтарга коомчулуктун жете алуусун карап чыгуу режиминде камсыз кылууну;
- мамлекеттик инвестициялар портфелин мониторингдөөнүн жана баалоонун механизмин түзүүнү, анда төмөндөгүлөр камтылууга тийиш: мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруунун учурдук прогрессин баалоо, өнүгүү боюнча өнөктөштөр жана коомчулук менен бирдикте мамлекеттик инвестициялар портфелине жүргүзүлгөн серептер, мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун таасир кылуусун баалоо.
11. Тышкы карыздардын жана гранттардын, ички капиталдык салымдардын жана башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылган мамлекеттик программалардын жана жергиликтүү маанидеги программалардын натыйжалуулугуна алардын кыргызстандыктарга экономикалык, социалдык жана башка таасир кылуусу жагында мезгилдүү жана туруктуу талдоо жүргүзүүнү камсыз кылуу.
12. Экономикалык иштин субъекттерине салыктык жүктөнүмдү азайтуу жана ишкердикти өнүктүрүү максатында адилеттүү, калыс жана натыйжалуу салык системасын түзүү.
13. Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана кабыл алуу:
- Кыргыз Республикасынын 2020-2025-жылдарга фискалдык саясатынын концепциясын 2019-жылдын 1-октябрына чейин;
- Кыргыз Республикасынын 2020-2025-жылдарга фискалдык саясатынын концепциясынын алкагында, 2021-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизүү менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргенден кийин 2026-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий жарыялоону;
- мамлекеттик сатып алуулар боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарынын беренелерин Кыргыз Республикасындагы кошумча наркка багыттоо аркылуу импортту алмаштыруунун программасын.
14. Кошумча нарк салыгын кайра кайтаруунун автоматташтырылган системасын 2019-жылдын 1-ноябрына чейин киргизүү.
15. Салыктарды администрациялоону (тескөөнү) мындан ары өркүндөтүү жана салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүгө байланышкан иш-чараларды жүргүзүү.
16. Натыйжалуу эмес салыктык жеңилдиктерди кайра кароо жана жокко чыгаруу, салыктык милдеттенмелерди аткарууну кийинкиге жылдыруу жана аларды бөлүп төлөө берүү үчүн негиздердин тизмегин кыскартуу.
17. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге карата бюджеттик тобокелдиктерди, анын ичинде республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбоо тобокелдиктерин талдоону жана айкындоону камсыз кылуу.
18. Бюджеттин тышкы жардамга жогору даражадагы көз карандылыгын азайтуу боюнча иш-чаралардын Программасын иштеп чыгуу.
19. Бардык министрликтерде жана ведомстволордо эл аралык стандарттарга ылайык ички контроль системасын киргизүү.
20. Мамлекеттик бюджеттик кирешелердин жалпы көлөмүндө жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин үлүшүн 2020-жылы 20 пайызга чейин жана 2022-жылы 25 пайызга чейин көбөйтүү.
II. Мамлекеттик финансыны натыйжалуу жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү
Орто мөөнөттүк мезгилге өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик финансыны натыйжалуу жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаны бюджеттик жана салыктык жөнгө салуу жөнүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу өркүндөтүүнүн негизги багыттарына төмөндөгүлөр кирет.
1. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун натыйжаларына финансылык-экономикалык баа берүү жол-жоболорун өркүндөтүү.
2. Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджеттеринин аткарылышына коомдук мониторингди жана баалоону киргизүү.
3. Мамлекеттик башкаруу секторун бюджеттөөнүн айкын жана алдын ала билине турган эрежелерин белгилөө, анын ичинде бюджеттик мекемелерди алар аткаруучу функцияларга ылайык финансылоонун жол-жоболорун реформалоо.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдоо боюнча ыйгарым укуктарын тактоо, анын ичинде:
- республикалык жана региондук деңгээлдердин ортосунда функцияларды, ыйгарым укуктарды, финансылык ресурстарды түзүүчү булактарды ажыратуунун негизинде республиканын субъекттеринин жана муниципалдык түзүлмөлөрдүн өз алдынчалыгын жана жоопкерчиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- республикалык жана региондор аралык программаларды ишке ашырууга региондордун катышуусун активдештирүү үчүн шарттарды жана түрткүлөрдү түзүү, социалдык стандарттардын жана нормативдердин негизинде (региондук өзгөчөлүктү эсепке алуу менен) региондордун социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү айырмачылыктарды азайтуу.
5. Төмөндөгүлөрдү иштеп чыгуу:
- мамлекеттик мүлктү, анын ичинде мамлекеттик ишканаларды жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду башкаруу стратегиясын;
- мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун финансылык абалын баалоонун методикасын жана алардын ишинин натыйжалуулугун талдоонун критерийлерин.
6. Бюджеттик системанын ченемдик укуктук базасына төмөнкүдөй багыттарда өзгөртүүлөрдү киргизүү:
- "Жашыл экономика" курсуна каршы келген салыктык жеңилдиктерди бербөө;
- айыл чарба өндүрүмдөрүн ата мекендик кайра иштетүүчүлөргө салыктык жеңилдиктерди берүү;
- кассалык чектерди талап кылууга жарандарга түрткү берүүнүн механизмин киргизүү;
- мамлекеттик сатып алуулар жагында - бюджеттик ресурстарды бөлүштүрүүнүн конкурстук принциптерин сактоону контролдоону күчөтүү, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун өркүндөтүү, мында мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө тапшырыктарды жайгаштырууда реалдуу атаандаштык режимин камсыз кылуу, жергиликтүү берүүчүлөрдү (подрядчыларды) коргоо максатын көздөө.
7. Эмгек акыны конверттерде берүүнү ачыкка чыгаруунун эсебинен, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 3-5 пайызга азайтуу, ошондой эле ЕАЭБдеги эң төмөн салыктык жүк белгиленген Казакстан Республикасынын тажрыйбасын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасында салыктык жүктү жыл сайын 0,5 пайызга азайтуу.
8. Калкка медициналык кызматтарды көрсөтүү боюнча жоболорду, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин айкындыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу максатында, Бирдиктүү төлөөчү системасын реформалоо жоболорун карай турган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды Бюджеттик кодекске ылайык келтирүү.
9. Интернет-жарнама жана электрондук соода боюнча кызмат көрсөтүүлөргө салык салуу системасын оптималдаштыруу.
10. Мамлекеттик сектордун бюджеттеринин форматтарын өзгөртүү:
- республикалык бюджетти 3 сценарийди (оптимисттик, пессимисттик, реалисттик) эсепке алуу менен түзүү;
- капиталдык салымдар формасында ишке ашырылуучу, республикалык бюджеттен финансылануучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна тикелей киргизүү.
11. Мурунку жылдардан бери бүтпөй келе жаткан капиталдык курулуш объекттерин милдеттүү түрдө бүткөрүү боюнча чараларды көрүү жана ушул берене боюнча чыгымдардын көлөмүн жыл сайын 6 млрд. сомдон кем эмес белгилөө.
III. Мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жетишүү жагындагы артыкчылыктар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңеш бекиткен (2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому) "Биримдик, ишеним, жаратмандык" программасынын жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ратификацияланган эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык төмөнкүдөй багыттар аныкталды.
1. Инвестициялардын ички финансылык булактарын кеңейтүү, баарынан мурда реалдуу сектордун кирешелеринин жана топтомо каражаттарынын өсүшүнүн эсебинен жана калктын каражаттарын тартуунун эсебинен кеңейтүү, ошондой эле чет өлкөлүк тикелей инвестициялардын келиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
2. Төмөндөгүлөрдү камсыз кылуу:
- билим берүү жана социалдык коргоо (балдар жана карылар үйлөрүнүн кызматкерлери) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну;
- сот реформасынын алкагында түзүлгөн Пробация кызматын жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду жетиштүү финансылык ресурстар менен камсыздоону;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө мыйзамда саламаттык сактоо уюмдарынын иши үчүн каралган каражаттарды толук финансылоону.
3. Мамлекеттик активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, бул система бюджеттик системанын туруктуулугун орчундуу жогорулатууга мүмкүндүк берүүгө, жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясатты ийкемдүү кылууга, мамлекеттик карыздын структурасына байланышкан тобокелдиктерди азайтууга тийиш. Бул системада төмөндөгүлөр каралышы керек:
- учурдагы бюджеттик дебитордук жана кредитордук карыздарды жөнгө салуу жана азайтуу;
- бюджеттик сектордун бардык тармактары боюнча натыйжалуулугу төмөн жана натыйжалуу эмес мамлекеттик чыгымдарды талдоонун негизинде аларды минимумга түшүрүү же жоюу;
- бекитилген бизнес-пландын ишенимдик башкаруучу тарабынан аткарылышын, мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун ишенимдик башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн өсүшү жагында талдоо;
- акча массасынын башка мамлекеттерге агылып кетүүсүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденттеринин экспорттук-импорттук операцияларынын эсебинен, ошондой эле резидент эместерге ар түрдүү төлөмдөрдүн эсебинен агылып кетүүсүнүн себептерин жана өлчөмүн талдоо;
- которуулар системасы аркылуу жүзөгө ашырылып жаткан акча которуулардын өлкөгө келип түшүүлөрүн талдоо.
4. Бюджеттик ресурстарды дотациялар, субсидиялар жана жеңилдетилген кредиттер түрүндө жана башка рыноктук эмес формаларда жеке менчик структураларга жана мамлекеттик ишканаларга берүү системасын кайра кароо.
5. Жалпы билим берүүчү мекемелердин электр энергиясына чыгымдарын 2020-жылы жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу жолу менен дотациялык муниципалитеттердин санын азайтуу.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун топтолмо системасынын механизмдерин киргизүү.
7. ММК полистерин берүү жолу менен калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууну кеңейтүү.
8. Социалдык проблемаларды өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүгү жок жана мамлекеттин колдоосуна муктаж, социалдык жактан аялуу жарандарды даректүү коргоону жүзөгө ашыруу.
9. Жарандар пенсияга чыкканда, ооруп калганда, ошондой эле өндүрүштө кырсыкка учураганда, кесиптик ооруга чалдыкканда калкты социалдык коргоонун камсыздандыруу принциптерин күчөтүү.
10. Ачык маалыматтык коомду түзүүгө жана жаш муундардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүү, маалыматтык технологияларды бардык жерлерде пайдаланууну колдоого алуу, мектептерди компьютерлештирүүнү бүткөрүү жана билим берүүнүн бирдиктүү маалыматтык чөйрөсүн камсыз кылуу.
11. Баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайларда кесиптик жагын күчтөндүрүү жана орто (толук) жалпы билим берүүнү ишке ашыруунун оптималдуу концепциясын иштеп чыгуу, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын билим берүүнү өнүктүрүү.
12. 2005-жылдын 24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде жана июнь айында болгон окуялардан жабыр тарткан ишкердик субъекттердин кызматкерлери болуп саналган, камсыздандырылган жарандардын пенсиялык укуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү, бул үчүн жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактардын чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ордун толтуруп берүү.
13. Мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө алган милдеттенмелерди толук финансылоону камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.
14. Жетим балдар жана ата-эненин кароосусуз калган балдар үчүн турак жай куруу.
Ушул Бюджеттик резолюция Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетин жана 2021-2022-жылдарга болжолун мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен түзүүдө негизги ориентир болушу керек.