КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-майы № 3084-VI
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун кырк сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- билим берүү жана саламаттык сактоо сектору үчүн эмеректерди жана саламаттык сактоо үчүн атайын техниканы (тез жардам машиналарын) кошпогондо, кызматтык автомобилдерди жана эмеректерди сатып алууга 3 жылга тыюу салуу киргизилсин.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |