Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-июну № 3212-VI
"2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 12-июнундагы № 291 токтому) "2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |