Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-майы № 3026-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын майындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө;
Ар кандай;
Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу:
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |