Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-майы № 66
2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколун бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 41 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Көк-Ой айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 3 шайлоо участкасы түзүлгөн. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 35 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 1825ти түзүп, анын ичинен 929 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 50,9% түзөт.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, № 4121, № 4122, № 4123 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелеринин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Ой айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 66 токтомуна 1-тиркеме |
2019-жылдын 19-майы КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО
Нарын облусу, Жумгал району, Көк-Ой айылдык кеңеши (облустун, райондун, аймактын аталышы) КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ ПРОТОКОЛ
Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо:
I. 2019-жылдын 19-майындагы Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
II. Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана № 1, № 2 таблицалар түрүндө сунушталат.
№ 1 таблица
9 мандаттуу № 1 Көк-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Абдил уулу Тыныбек | 383 |
2 | Айткулов Батырбек Турарович | 111 |
3 | Акматов Талантбек Өскөнбайович | 137 |
4 | Андабасов Абдилкасы Көбөгөнович | 159 |
5 | Асанбеков Бекжан Жусупбекович | 247 |
6 | Байтайлаков Дүйшөн Токтогонович | 124 |
7 | Дондолоев Азамат Ишенбекович | 71 |
8 | Дыйканбаева Алтынай Топчубековна | 133 |
9 | Жакыпов Аман Омурбекович | 220 |
10 | Жакыпов Жеңишбек Асанович | 284 |
11 | Жапаров Акылбек Автандилович | 179 |
12 | Иманалиев Тынчтыкбек Кенжегазиевич | 97 |
13 | Кадиева Венера Асанкадыровна | 282 |
14 | Кармышов Калмырза Жумабекович | 221 |
15 | Кемелов Нурлан Сайпидинович | 292 |
16 | Кудайбергенов Бакыт Асанканович | 172 |
17 | Кыйбатбек уулу Эркинбек | 276 |
18 | Кылычбек уулу Дастан | 179 |
19 | Кыргызбаев Мурат Султанбекович | 150 |
20 | Мамбетова Элмира Кубанычбековна | 182 |
21 | Моңошов Зарылбек Суйдуевич | 355 |
22 | Мурсакулов Эркинбек Сапарбекович | 115 |
23 | Орозобеков Бексултан Мамытович | 59 |
24 | Рысалиев Бактыбек Сайридинович | 88 |
25 | Садабаев Барылбек Азыкович | 234 |
26 | Салидин уулу Дастан | 248 |
27 | Сапарбеков Атайбек Акынкожоевич | 259 |
28 | Сатаров Азамат Качкынбекович | 119 |
29 | Сыдыков Канат Насирдинович | 195 |
30 | Сыдыков Самат Шамшидинович | 173 |
31 | БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КАРШЫ | 0 |
№ 2 таблица
2 мандаттуу № 2 Эмел-Арал шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты (шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн тартипте) | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Абдиева Нургүл Кубатаевна | 59 |
2 | Жеңишбек уулу Эламан | 33 |
3 | Жолдошов Нурлан Бейшенкулович | 108 |
4 | Иманалиева Айымкан Сайирбековна | 25 |
5 | Чынарбек уулу Азамат | 102 |
6 | БАРДЫК ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КАРШЫ | 1 |
III. Шайлоонун натыйжалары төмөнкүдөй аныкталды:
Шайлоонун натыйжалары боюнча Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды № 3, № 4 таблицалар.
№ 3 таблица
9 мандаттуу № 1 Көк-Ой шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Абдил уулу Тыныбек | 383 |
2 | Моңошов Зарылбек Суйдуевич | 355 |
3 | Кемелов Нурлан Сайпидинович | 292 |
4 | Жакыпов Жеңишбек Асанович | 284 |
5 | Кадиева Венера Асанкадыровна | 282 |
6 | Кыйбатбек уулу Эркинбек | 276 |
7 | Сапарбеков Атайбек Акынкожоевич | 259 |
8 | Салидин уулу Дастан | 248 |
9 | Асанбеков Бекжан Жусупбекович | 247 |
№ 4 таблица
2 мандаттуу № 2 Эмел-Арал шайлоо округу боюнча
№ | Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты | Шайлоочулардын талапкер үчүн берилген добуштарынын саны |
1 | Жолдошов Нурлан Бейшенкулович | 108 |
2 | Чынарбек уулу Азамат | 102 |
Протокол 2019-жылдын 22-майында саат 19.00 мүнөттө түзүлдү.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы |
| С.Казакбаева |
Катчысы |
| С.Айрыгомова |
Мүчөлөрү |
| Ж.Аманалиев |
|
| Ш.Сагынбаев |
|
| И.Маадымканова |
|
| Жаныбек к. М. |
|
| А.Абакирова |
|
| Н.Осмоналиева |
|
| Т.Джумагулов |
|
| Ж.Токонова |
|
| Ж.Токтоназарова |
|
| С.Бердигулов |