Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 76
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын, Кочкор, Жумгал жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Нарын, Кочкор, Жумгал жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын, Кочкор, Жумгал жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Нарын, Кочкор, Жумгал жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 76 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
1 | Эмгекчил айылдык | Муканбетов Ишенбек Кадыракунович | Өз арызы. Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 8, 21.05.2019-ж. |
Кочкор району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Салбаров Райымбек Ибраимович | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 05, 29.05.2019-ж. |
Жумгал району | ||||
3 | Байзак айылдык | Качкынбаев Кайрат Кедейбекович | Өз арызы. Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 12, 29.05.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
4 | Чалма айылдык | Абдыразаков Бакытбек Сагынбаевич | Каза болгондугуна байланыштуу | № 13, 28.05.2019-ж. |
5 | Кызыл-Жар айылдык | Жаркынбаев Тумарбек Жакыпович | Өз арызы | № 13, 28.05.2019-ж. |
6 | Кызыл-Жар айылдык | Райымжанов Туголбай Кубанычбекович | Өз арызы | № 16, 03.06.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 76 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
1 | Кара-Суу айылдык | Ашкеев Мирланбек Жумакадырович | Өз арызы | № 06, 29.05.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 76 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
1 | Эмгекчил айылдык | Ыманакунов Садырбай Турдакунович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 8, 21.05.2019-ж. |
Кочкор району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Абдыгулов Шадыкан Мелисович | Орток айылдык клубу, клуб башчысы | № 06, 29.05.2019-ж. |
Жумгал району | ||||
3 | Байзак айылдык | Матыкеев Жакыпбек Дөөлөтбекович | Жеке ишкер | № 12, 29.05.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
4 | Чалма айылдык | Темиркулова Жанаргул | Б.Исаев атындагы орто мектеп, мугалим | № 14, 28.05.2019-ж. |
5 | Кызыл-Жар айылдык | Курмантаев Бактыбек Шекенович | Кар-Кулжа РЭСи, электрик мастер | № 14, 28.05.2019-ж. |
6 | Кызыл-Жар айылдык | Чыныбаев Аскар Аркабаевич | Убактылуу иштебейт | № 17, 03.06.2019-ж. |