Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну № 83
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Токмок, Бишкек, Ала-Бука, Ысык-Көл жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы № 83 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Ак-Кудук айылдык | Джумаев Рустам Хамитович | Өз арызы | № 2 04.06.2019-ж. |
Чүй району | ||||
2 | Чүй айылдык | Сейитбеков Тилек Сейитбекович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 21 11.06.2019-ж. |
3 | Кош-Коргон айылдык | Шамшидин уулу Эсенбек | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | |
Кемин району | ||||
4 | Кара-Булак айылдык | Мамбетказиев Айбек Канатович | Өз арызы | № 10 07.06.2019-ж. |
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Исалиев Акылбек Кошоевич (№ 7) ("АК" саясий фракциясы) | Каза болгондугуна байланыштуу | № 4 07.06.2019-ж. |
Бишкек шаары | ||||
6 | Бишкек шаардык | Сыдыков Эмил Мурзабекович (№ 4) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий фракциясы) | Өз арызы | № 21/1 10.06.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
7 | Өрүктү айылдык | Жумагулов Эркинбек Мейманкулович | Өз арызы | № 13 12.06.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
8 | Садыр-Аке айылдык | Курманалиев Таалайбек Жекшенбекович | Өз арызы | № 18, 04.06.2019-ж. |
Каракол шаары | ||||
9 | Каракол шаардык | Жампеишов Руслан Жумашович (№ 10) ("Табылга" саясий фракциясы) | Өз арызы | № 3, 17.06.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы № 83 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
1 | Ак-Кудук айылдык | Саибов Рустам Шеркулович | убактылуу иштебейт | № 2 04.06.2019-ж. |
Чүй району | ||||
2 | Чүй айылдык | Батыркан уулу Максат | жеке ишкер | № 21 11.06.2019-ж. |
3 | Кош-Коргон айылдык | Сатыбалдиев Улукбек Далганович | дыйканчы | |
Кемин району | ||||
4 | Кара-Булак айылдык | Усупов Эмилбек Сурналиевич | дыйканчы | № 11 07.06.2019-ж. |
Токмок шаары | ||||
5 | Токмок шаардык | Чолпонкулов Майрамбек Омурканович (№ 8) ("АК" саясий фракциясы) | ЖЧК "Газпром" слесары | № 4 07.06.2019-ж. |
Бишкек шаары | ||||
6 | Бишкек шаардык | Жамгырчиев Талантбек Анарбекович (№ 11) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий фракциясы) | ЖЧК "Ак-Булак Транс ЛТД" Генералдык директору | № 21/2 10.06.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ала-Бука району | ||||
7 | Өрүктү айылдык | Жолдошова Аида Тажидиновна | почточу | № 14 12.06.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
8 | Садыр-Аке айылдык | Рашев Рахмат Конокказиевич | дыйканчы | № 18, 04.06.2019-ж. |
Каракол шаары | ||||
9 | Каракол шаардык | Тельтаев Калысбек Ибрагимович (№ 19) ("Табылга" саясий фракциясы) | убактылуу иштебейт | № 3, 17.06.2019 г. |