Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу № 100
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Балыкчы, Ак-Суу, Майлуу-Суу, Сузак, Ноокат жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 100 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Эсенгулов Жунус (№ 1) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 6 28.06.2019-ж. |
Ак-Суу району | ||||
2 | Боз-Учук айылдык | Садабаев Руслан Бердигожоевич | Өз арызы | № 5, 01.07.2019-ж. |
3 | Боз-Учук айылдык | Урманаев Сыртбай Кыязович | Өз арызы | № 5, 01.07.2019-ж. |
4 | Кара-Жал айылдык | Супатаев Нурдин Мурзалиевич | Өз арызы | № 7, 01.07.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
5 | Майлуу-Суу шаардык | Баратова Гульзина Джаныбековна (№ 3) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 26.06.2019-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Кыз-Көл айылдык | Кыдыралиев Белек Аскермаматович | Өз арызы | № 39, 27.06.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
7 | Ноокат шаардык | Позилов Азизилло Комилжанович (№ 4) ("Элдик-партия" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 14, 02.07.2019-ж. |
8 | Көк-Жар айылдык | Абдираим уулу Акылбек | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 13, 02.07.2019-ж. |
9 | Исанов айылдык | Маматов Маратбек Раимбердиевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 13, 02.07.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
10 | Айдаралиев айылдык | Эсенов Адилет Эсенович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 14, 17.06.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 100 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин чыгарылган ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
1 | Айдаралиев айылдык | Сейдалиев Изатбек Сейткулович | Өз арызы | № 15, 26.06.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы № 100 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Балыкчы шаары | ||||
1 | Балыкчы шаардык | Байболотов Рыскелди Шейшенбекович (№ 8) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 6, 28.06.2019-ж. |
Ак-Суу району | ||||
2 | Боз-Учук айылдык | Токбаев Элдос Талантбекович | Дыйкан чарба | № 6, 01.07.2019-ж. |
3 | Боз-Учук айылдык | Токтосун уулу Алмаз | Дыйкан чарба | № 6, 01.07.2019-ж. |
4 | Кара-Жал айылдык | Эстебесов Талантбек Бекейович | Дыйкан чарба | № 8, 01.07.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Майлуу-Суу шаары | ||||
5 | Майлуу-Суу шаардык | Абдукаров Дилшат Убайдуллаевич (№ 7) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 4, 26.06.2019-ж. |
Сузак району | ||||
6 | Кыз-Көл айылдык | Сейитов Назарбай Сулайманович | Убактылуу иштебейт | № 40, 27.06.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
7 | Ноокат шаардык | Туланов Ахлидин Ибаевич (№ 16) ("Элдик-партия" с/п) | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 15, 02.07.2019-ж. |
8 | Көк-Жар айылдык | Жарматов Абдыганы Жаамбаевич | Ардагер | № 13, 02.07.2019-ж. |
9 | Исанов айылдык | Амиров Маматсали Пазылович | Жайыт комитети, механизатор | № 13, 02.07.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
10 | Айдаралиев айылдык | Шабданбек уулу Ноорузбек | Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы, ага редактор | № 15, 26.06.2019-ж. |