Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июлу № 106
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Кара-Буура, Ала-Бука, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак, Араван жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 17-июлундагы № 106 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
1 | Шекер айылдык | Чомотоев Канат Керимкулович | Өз арызы | № 29, 03.07.2019-ж. |
2 | Бакыян айылдык | Асылбеков Нургазы Чолпонкулович | Өз арызы | № 30, 03.07.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Эгембердиев Жыргалбек Мурзараимович (№ 4) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 43/24, 10.07.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
4 | Өрүктү айылдык | Кочкорбаев Батырбек Турдиевич | Өз арызы | № 15, 09.07.2019-ж. |
Сузак району | ||||
5 | С.Атабеков айылдык | Курбанов Темур Дастанбекович | Өз арызы | № 41, 15.07.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
6 | Чолпон-Ата шаардык | Мансурова Чолпон Турусбековна (№ 3) ("Табылга" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 11, 08.07.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
7 | Мады айылдык | Асанов Сапарбек Маматкаримович | Өз арызы | № 20, 09.07.2019-ж. |
Араван району | ||||
8 | Төө-Моюн айылдык | Орозбаев Мирланбек Абдимиталипович | Өз арызы | № 2, 15.07.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
9 | Ак-Сай айылдык | Анаров Саатбек Гапарович | Өз арызы | № 76, 10.07.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 17-июлундагы № 106 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
1 | Шекер айылдык | Эшимбеков Ильяс Абдыбаханович | Дыйкан чарба, мүчө | № 31, 03.07.2019-ж. |
2 | Бакыян айылдык | Усупбеков Нургаазы Байдоолотович | Кара-Буура районунун мамлекеттик жаратылыш питомниги, егерь | № 32, 03.07.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Ирсалиев Арапбай Мурзараимович (№ 11) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | "Энерго Курулуш" ЖЧКу, директор | № 43/24, 10.07.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
4 | Өрүктү айылдык | Рысымбетов Бакай Тургуналиевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 16, 09.07.2019-ж. |
Сузак району | ||||
5 | С.Атабеков айылдык | Акматалиев Заирбек Абдимталипович | Убактылуу иштебейт | № 42, 15.07.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
6 | Чолпон-Ата шаардык | Каратаев Азат Урумбекович (№ 9) ("Табылга" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 11, 08.07.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
7 | Мады айылдык | Калбаев Анарбай Шарапович | "Салих-Транс и КО" ЖЧКу, директор | № 20, 09.07.2019-ж. |
Араван району | ||||
8 | Төө-Моюн айылдык | Темирбаев Рыскул Абдисатарович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 2, 15.07.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Баткен району | ||||
9 | Ак-Сай айылдык | Каракашов Имамали Нарзиевич | Убактылуу иштебейт | № 76, 10.07.2019-ж. |