Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы ПЖ № 4 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты (мындан ары - Президенттин Аппараты) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылган мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Президенттин Аппараты өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Президенттин Аппараты юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
4. Президенттин Аппаратынын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык-талдоочулук, укуктук, протоколдук, уюштуруучулук, документтик жана башка жагынан сапаттуу жана өз убагында камсыз кылуу эсептелет.
5. Президенттин Аппаратынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү ишин камсыз кылуу:
- элдин бийлигинин үстөмдүгүн билдирүү жана камсыз кылуу боюнча;
- элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин билдирүү боюнча;
- мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү;
- Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү, экономикадагы, финансыдагы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерге чара көрүү маселелеринде;
- тышкы саясат чөйрөсүндө;
- мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иш саясаты чөйрөсүндө;
- маалымат чөйрөсүндө;
- жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндө;
- коргонуу жөндөмдүүлүгү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндө;
- мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди камсыз кылуу.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги мыйзам чыгаруу процессинин абалы жана анда каралып жаткан маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине үзгүлтүксүз маалымат берүү, мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин позициясын түшүндүрүү;
- тапшырмаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы өкүлчүлүгүнүн функцияларын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга киргизилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына экспертиза жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон мыйзамдарды жарыялоо же анын каршы пикири менен мыйзамдарды кайтаруу;
- шайлоо, дайындоо, бошотуу жана макулдук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти киргизген талапкерлерди сунуш кылуу;
- судьяларды шайлоо, дайындоо, бошотуу, алардын ыйгарым укуктарын токтотуу, кызмат ордунан четтетүү, ротациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- сот органдарында конкреттүү иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызыкчылыктарын билдирүүнү жүзөгө ашыруу;
- сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана аларды таркатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттардын дараметин күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен жергиликтүү жамааттардын ролун жана ишин талдоо.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү, экономикадагы, финансыдагы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерге чара көрүү маселелериндеги ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды өнүктүрүүнүн процесстерине мониторинг, стратегиялык талдоо жүргүзүү жана болжолдоо, келечектүү багыттар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик социалдык саясаттын, демографиянын, пенсиялык камсыз кылуунун, туризмдин жана миграциянын багыттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- стратегиялык документтерди аткаруунун жана ишке ашыруунун тиешелүү маселелери боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- акча-насыялык саясатты жана финансылык, башкаруучулук аудитти ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бул ишти жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды киргизүү, мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин ишин камсыз кылуу;
- региондорду өнүктүрүүнү жана аймактарды башкарууну системалуу өзгөртүүнүн алкагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү стратегиялык туруктуу өнүктүрүүнү аткаруунун алкагында анын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат чөйрөсүндөгү ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- дүйнөлүк өнүгүүнүн процесстерине, ошондой эле эл аралык мамилелердин актуалдуу проблемаларына мониторинг, талдоо жүргүзүү жана аларды божомолдоо, тышкы саясий курсту түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү коргоону камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- эл аралык-укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, токтотуп туруу жана токтотуу маселелери боюнча чечимдерди даярдоого катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле чет мамлекеттердин саясий жана коомдук ишмерлери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен өтүүчү иш сапарларды жана тышкы саясий иш-чараларды пландоо жана өткөрүү, анын ичинде аларды мазмундук жана протоколдук-уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
- бирдиктүү тышкы саясатты жүргүзүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо жана контролдоо.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иш саясаты чөйрөсүндөгү ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик башкаруунун жана кадрдык иштин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- мамлекеттик башкаруу саясатынын негизги багыттарын иштеп чыгууга катышуу жана алардын ишке ашырылышын жалпы координациялоо, коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык процесстер жөнүндө талдоо материалдарын даярдоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ырааттуу иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорго жумушчу сапарларын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- кадр маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты реформалоо жана өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик башка уюмдардын ишин координациялоо;
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды берүү, жогорку аскердик, атайын наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди, квалификациялык класстарды жана дипломатиялык рангдарды ыйгаруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
- кадр маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча киргизүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасына кирген кызмат адамдарын кызматка дайындоодо жана бошотууда, алардын мамлекеттик кызматты өтөөсү менен байланышкан башка маселелерди чечүүдө материалдарды тариздөө, ошондой эле алардын жеке көктөмөлөрүн жүргүзүү.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат чөйрөсүндөгү ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекеттик маалыматтык саясатты түзүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзгөн ички жана тышкы саясатты түшүндүрүү, анын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Президенти чыгарган актыларды жарыялоону камсыз кылуу;
- өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык жана саясий процесстер жөнүндө маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу жана талдоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине тиешелүү болгон актуалдуу темаларга өз убагында чара көрүүнү камсыз кылуу.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык өнүктүрүү, диний жана этностор аралык саясат чөйрөсүндөгү ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды аткарат:
- этностук, этностор аралык, диний жана жарандык коомду өнүктүрүү багыттары боюнча мамлекеттик саясаттын негиздерин иштеп чыгуу;
- этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер маселелери боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- мамлекеттик жаштар саясатынын, билим берүүнүн, илимдин, саламаттык сактоонун, тарыхтын, маданияттын, тил саясатынын жана спорттун багыттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- элдин биримдигин консолидациялоо жана сактоо боюнча ишти уюштуруу.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин коргонуу жөндөмдүүлүгү жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин камсыз кылуу;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү жана бул багытта ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы катары Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө же аскердик абал киргизүү маселелери, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү жана коомдук тартипти сактоо боюнча мыйзам менен каралган башка чараларды кабыл алуусуна багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндө ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- укуктук саясат, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдардын ишинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө программалык документтерди иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана бул багыттарда ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана бул багытта ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо маселелери, ошондой эле жарандык жана ырайым кылуу маселелери боюнча материалдарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин укуктук жактан камсыз кылуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна жана мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- прокуратура органдарына карата конституциялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылуу;
- мыйзамдуулукту, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым функцияларды аткаруу боюнча ишин камсыз кылуу максатында Президенттин Аппараты:
- Президенттин Аппаратынын компетенциясына кирген маселелер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жумушчу комиссиялардын, топтордун, консультативдик кеңештердин жана комиссиялардын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентин документтик камсыздоону, анын ичинде тиешелүү документ жүгүртүүнү уюштуруу, иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелеринин сакталышын контролдоо жана мамлекеттик тилди колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүү жолу менен жүргүзөт;
- мыйзамдарды кодификациялоону жана системалаштырууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын жоболорун расмий түшүндүрүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын каттоону жүргүзөт, алардын жарыяланышын, таратылышын жана сакталышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын долбоорлоруна, жыйналыштардын жана кеңешмелердин протоколдоруна, Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга киргизилүүчү каттарга жана башка документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылат;
- жарандарды кабыл алууну уюштурат, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратына даректелген кайрылууларын кароону, бул кайрылуулар боюнча тапшырмалардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамаларынын ишин камсыз кылат.
15. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана (же) Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган башка функцияларды жүргүзөт.
16. Ушул Жободо каралган милдеттерге жетишүү жана функцияларды аткаруу үчүн Президенттин Аппараты төмөнкү укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмаларды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан суратууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кайрылууларын таандыктыгы боюнча кароо үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге жиберүүгө;
- Президенттин Аппаратынын компетенциясына таандык маселелер боюнча жумушчу комиссияларды, топторду, консультативдик кеңештерди жана комиссияларды белгиленген тартипте түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча белгиленген тартипте кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине карата тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги
17. Президенттин Аппаратына Президенттин Аппаратынын Жетекчиси (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) башчылык кылат, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
18. Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин түздөн-түз жетекчилиги астында иштейт жана ушул Жободо белгиленген компетенциялардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча аткаруучулук, контролдоочу жана тескөөчү функцияларды жүзөгө ашырат.
19. Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарлары бар, аларды Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана бошотот.
20. Орун басарлардын ортосундагы милдеттерди Президенттин Аппаратынын Жетекчиси бөлүштүрөт.
21. Президенттин Аппаратынын Жетекчиси:
- Президенттин Аппаратынын милдеттерин жана функцияларын чечүү максатында мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет;
- Президенттин Аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, буга Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган кызмат адамдары кирбейт;
- айрым маселелерди изилдөө үчүн коомдук башталыштардагы кеңешчилерди жана эксперттерди дайындайт (Президенттин Аппаратынын штаттык санынан тышкары);
- Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- Президенттин Аппаратынын компетенциясына таандык маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизет;
- белгиленген тартипте жумушчу комиссияларды, топторду уюштурат;
- Президенттин Аппаратынын чыгымдарынын сметасынын чектеринде финансы каражаттарын тескейт;
- Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет, буга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кирбейт;
- соттордо доогер жана жоопкер катары Президенттин Аппаратынын өкүлчүлүгү үчүн ишеним каттарга кол коет, буга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кирбейт;
- Президенттин Аппаратынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
22. Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт жана бошотот.
23. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бөлүмдү башкарат жана Президенттин Аппаратынын кызмат адамдары жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, анын орун басарлары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары менен болгон мамилелерде бөлүмдүн атынан иш алып барат.
24. Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана башка органдар, кызмат адамдары менен кызматтык кат алышууну жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын комитеттеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, башка мамлекеттик органдардын отурумдарына катышууга;
- Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматын угууга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле башка уюмдардын өкүлдөрүн тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына таандык маселелерди чечүүгө тартууга;
- тиешелүү түзүмдүк бөлүм тууралуу жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары
25. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары (мындан ары - кеңешчилер жана жардамчылар):
- Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат;
- Президенттин Аппаратынын түзүмүнө кирет;
- ушул Жобо менен белгиленген компетенцияга, Кыргыз Республикасынын Президентинин башка актыларына жана тапшырмаларына ылайык иштейт.
26. Айрым маселелерди изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти коомдук башталыштагы кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындай алат (Президенттин Аппаратынын штаттык санынан тышкары).
27. Кеңешчилердин негизги милдеттери болуп тескеген багыттар боюнча өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү иштин абалына талдоо жүргүзүү жана ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо, анын ишмердигинин түрдүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү эсептелет.
Жардамчылардын негизги милдеттери болуп конкреттүү багыттар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине практикалык ишмердикти жүргүзүүдө жардам жана көмөк көрсөтүү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президенти алдыда турган милдеттердин артыкчылыгына жана маанилүүлүгүнө жараша кеңешчилерге жана жардамчыларга ушул Жободо каралгандардан айырмаланган башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүктөй алат. Кыргыз Республикасынын Президенти кеңешчилердин жана жардамчылардын санын жана ишмердигинин багыттарын аныктайт.
28. Кеңешчилер жана жардамчылар өз компетенцияларынын чектеринде:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана тапшырмаларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан талаптагыдай аткарылышын контролдоо боюнча ишке катышат;
- Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле башка органдар менен өз ара аракеттенет жана зарыл болгон учурда кеңешчилердин жана жардамчылардын карамагына кирген маселелерди чечүүгө белгиленген тартипте алардын кызматкерлерин тартат;
- өлкөнү жана анын региондорун өнүктүрүүнүн түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жана талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентин зарыл маалыматтык-талдоочулук жана маалымдама материалдар менен камсыздайт жана тиешелүү сунуштарды жана сунуштамаларды киргизет;
- алардын дарегине жиберилген кат-кабарды, кызматтык документтерди жана жарандардын кайрылууларын карайт, жарандарды кабыл алууну жүргүзөт.
29. Кеңешчилер менен жардамчылардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
7. Башка жоболор
30. Президенттин Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Президенттин Аппаратынын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине эмгек акыларын төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
31. Президенттин Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.