Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 79 Жарлыгы менен бекитилген |
Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Банктарды жоюу боюнча агенттиктин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу, аманаттарды кабыл алуучу банктарды жана башка банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерди жоюу функцияларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.
3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Агенттик оперативдүү башкаруу укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансына, обочолонгон мүлкүнө, банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарда алыш-бериш жана башка эсептерине, мамлекеттик, орус жана англис тилдердеги аталышы бар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрүнө, штампына, бланктарына жана башка атрибуттарына ээ.
5. Агенттик өз милдеттенмелери, өзүнүн тескөөсүндөгү акча каражаттары боюнча жооп берет.
6. Агенттиктин толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Банктарды жоюу боюнча агенттик";
- орус тилинде: "Агентство по ликвидации банков";
- англис тилинде: "Agency for the liquidation of banks".
7. Агенттиктин жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 114.
2. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
8. Агенттиктин ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- агенттиктин карамагына берилген, аманаттарды кабыл алууну жүргүзгөн банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюучунун функцияларын жүзөгө ашыруу;
- чарбакер субъекттердин жана жеке жактардын ссудалык карыздарын (анын ичинде келишимдик негизде) өндүрүү.
9. Агенттиктин функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- агенттиктин карамагына берилген, аманаттарды кабыл алууну жүргүзгөн банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жол-жобосун жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын резиденттери, ошондой эле резидент эместери катары чарбакер субъекттердин жана жеке жактардын карыздарын реструктуралаштыруу, сатуу жана кайра кайтаруу (өндүрүү);
- негизги милдеттерин аткаруунун алкагында финансы-кредит чөйрөсүндө агенттик, маркетингдик, консалтингдик, өкүлчүлүк кызматтарын көрсөтүү;
- негизги ишинин маселелери боюнча маалыматтык-басма ишин уюштуруу;
- маалыматтык системаны киргизүү, өзүнүн ишинин маселелери боюнча маалыматтык базаны түзүү;
- өндүрүү үчүн берилген мамлекеттик бюджеттин алдындагы карыздарды кайтарууну камсыз кылуу;
- банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карыздарын кайтарууну ишке ашыруу.
Лицензия (уруксат) талап кылынган ишинин түрлөрү боюнча Агенттик өзүнүн ишин белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар берген лицензиянын (уруксаттын) негизинде жүргүзөт.
3. Агенттиктин укуктары жана милдеттери
10. Агенттик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- финансылык-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен финансылык эсептешүүлөрдү, анын ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- Агенттикке берилген ыйгарым укуктардын алкагында банктардан, башка юридикалык жана жеке жактардан зарыл маалыматтарды алууга;
- жоюу жол-жоболорун аткаруу үчүн кызматкерлерди тартууга;
- корутундуларды жана консультацияларды алуу, ченемдик жана башка документтерди иштеп чыгуу үчүн тиешелүү акы төлөө менен эксперттерди, адистерди, көз карандысыз баалоочуларды тартууга;
- алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан, юридикалык жактар, ошондой эле өзүнүн ишинин максаттарына жана милдеттерине ылайык жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
- Агенттиктин карамагына таандык болгон маселелер боюнча атайын комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка ишти жүргүзүүгө.
11. Агенттиктин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткаруу;
- өзүнүн кызматкерлеринин банктардын ишмердиги жөнүндө купуя маалыматтарды же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурлардан тышкары, кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болуп калган башка маалыматтарды жарыялабоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма боюнча жана мөөнөттөрдө банктарды жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарды жоюунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчет берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте өндүрүүгө берилген бюджеттик ссудаларды кайтаруу боюнча аткарган иши тууралуу жыл сайын отчет берүү;
- депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма боюнча жана мөөнөттөрдө кепилдик учур келгенде жеке адамдардын депозиттери жөнүндө маалыматты (реестрди) берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
4. Агенттикти башкаруу
12. Агенттиктин башкаруу органдары болуп Директорлор кеңеши жана Агенттиктин директору саналат.
13. Агенттиктин Директорлор кеңеши (мындан ары - Директорлор кеңеши) Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат, ал төмөнкү беш мүчөдөн турат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эки өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн болбогон) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы дайындаган (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн болбогон) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте шайланган бир көз карандысыз өкүл.
14. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүргүзөт.
15. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
16. Директорлор кеңешинин төрагасы жана Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан 2 жылдык мөөнөткө жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен шайланат.
17. Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин төрагасынын кызмат орду бош болгондо же ал убактылуу жок болгондо Директорлор кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткарат.
18. Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- аудиторду шайлоо жана бекитүү же көз карандысыз аудитордук компанияны тартуу жолу менен Агенттиктин финансылык-чарбалык ишине ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу;
- Агенттиктин түзүмүн, штаттык санын бекитүү, аларга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- жылдык финансылык планын, бир жылдык бюджетин, Агенттиктин жылдык балансын, алардын аткарылышы тууралуу ар жылдык отчетторун, Агенттиктин кирешелеринин жана чыгымдарынын сметасын бекитүү;
- Агенттиктин жетекчилигин кубаттоо жана жоопкерчиликке тартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү;
- Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү.
19. Директорлор Кеңеши жыйналышын зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрөт. Директорлор кеңешинин жыйналышы ага Директорлор кеңешинин үч мүчөсү катышканда, анын ичинде Директорлор кеңешинин төрагасы же анын орун басары милдеттүү катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Чечимдер Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү добуш бербей коюуга укуксуз.
20. Зарыл учурда жана Директорлор кеңешинин төрагасынын макулдугу менен Директорлор кеңешинин чечими жазуу жүзүндө таризделген сурамжылоо түрүндө (кол чогултуу) менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сурамжылоо түрүндө (кол чогултуу) кабыл алынган Директорлор кеңешинин чечими эгер добуш берүүгө Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрү катышса жарактуу деп эсептелет. Сурамжылоо тартиби Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу тууралуу сунуштарды киргизүү боюнча Директорлор кеңешинин чечими сурамжылоо түрүндө (кол чогултуу) кабыл алынышы мүмкүн эмес.
21. Директорлор кеңешинин кезексиз жыйналышы Директорлор кеңешинин төрагасынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн же Агенттиктин директорунун демилгеси менен чакырылышы мүмкүн.
22. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын башкаларга өткөрүп берүүгө укуксуз.
23. Директорлор кеңешинин ар бир жыйналышында протокол жазылат. Протоколдо талкууланып жаткан маселенин кыскача мазмуну жана Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн пикирлери камтылууга тийиш.
5. Агенттиктин директору
24. Агенттикти башкарууну директор жүргүзөт. Агенттиктин директору жана анын орун басары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
25. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишин башкарууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин финансы каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
- Агенттиктин келишимдик жана башка милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;
- келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык операцияларды, казыналыкта, банктарда жана башка финансылык-кредиттик уюмдарда операцияларды жасайт, анын ичинде эсептерди ачат, мыйзамдарда белгиленген тартипте банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Агенттиктин атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт;
- Агенттиктин түзүмүн, штаттык санын, ошондой эле кирешелердин жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгат жана Директорлор кеңешине бекитүүгө киргизет;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарат, Агенттиктин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү тууралуу, кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет.
- Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- Агенттиктин кызматкерлерин сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Агенттиктин кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого сунуштайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары менен жамааттык келишимдерди түзөт;
- Белгиленген тартипте жылдык финансылык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык пландын аткарылышы тууралуу отчетту Директорлор кеңешине кароого жана бекитүүгө киргизет.
26. Агенттиктин директору жок болгон учурда анын милдеттерин анын орун басары аткарат.
6. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары
27. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылдырылат жана ага бекитилип берилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
28. Агенттиктин финансылык каражаттарынын негизги булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- карыздарды кайтарып алуудан жана Агенттиктин карамагына берилген активдерди сатуудан түшкөн чегерүүлөр;
- жоюу процедурасынын жыйынтыгы боюнча жоюлган банктын топтомо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акылар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана башка чет өлкөлүк булактардын каржылоосу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактары.
7. Эсепке алуу, пландоо жана Агенттиктин отчеттуулугу
29. Агенттик өз ишин бекитилген иш пландын негизинде жүргүзөт.
30. Агенттик Кыргыз Республикасында кабыл алынган бухгалтердик эсепке алуунун эл аралык стандарттарына ылайык өзүнүн ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алууну ишке ашырат жана статистикалык отчеттуулукту белгиленген тартипте жүргүзөт.
31. Агенттик салык салуу, тышкы аудит жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
32. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
33. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
34. Агенттиктин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.