Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели №51
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Аламүдүн, Кочкор жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Ала-Бука, Чаткал, Аламүдүн, Кочкор, Нарын шаардык, Лейлек жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 51 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
1 | Чаткал айылдык | Атабаев Шамшарбек Акимбаевич | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 1, 20.03.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
2 | Ала-Бука айылдык | Максымбеков Алмамбет Досматович | Өз арызы | № 11, 08.04.2019-ж. |
3 | Батырбеков Эркинбек Мейманбекович | Өз арызы | № 11, 08.04.2019-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Таш-Дөбө айылдык | Токтомбеков Арстанбек Бекмурзаевич | Өз арызы | № 12, 09.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Омуракунов Нарынбек Нурдинович (№ 1) ("Республика - Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 3, 11.04.2019-ж. |
Кочкор району | ||||
6 | Чолпон айылдык | Ишенов Чыңгыз Ишенович | Өз арызы | № 03, 09.04.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
7 | Сумбула айылдык | Нарзуллаев Файзулло | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 4, 12.04.2019-ж. |
8 | Исфана шаардык | Узаков Мамиржан Султанович (№ 4) ("СДПК" с/п) | Соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу | № 4, 12.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
9 | Папан айылдык | Райимбердиев Табалды Абдумаликович | Өз арызы | № 9, 15.04.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 51 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Дөбө айылдык | Иванов Владимир Александрович | Өз арызы | № 12, 09.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Сияев Таштанбек Монолдорович № 7 ("Республика - Ата-Журт" с/п) | Өз арызы | № 3, 11.04.2019-ж. |
3 | Байгубатов Болот Осмонович № 9 ("Республика - Ата-Журт" с/п) | Өз арызы | ||
Кочкор району | ||||
4 | Чолпон айылдык | Сатыбалдиева Асель Качкынбековна | Өз арызы | № 04, 09.04.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 51 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Чаткал району | ||||
1 | Чаткал айылдык | Абдыкеримов Умарбек Абдыманапович | Пенсионер | № 1, 20.03.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
2 | Ала-Бука айылдык | Дадабаев Жамшид Тажимырзаевич | Кыргызпочтасы, оператор-контролер | № 12, 08.04.2019-ж. |
3 | Орозбаев Асылбек Аширбекович | Жеке ишкер | № 12, 08.04.2019-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
4 | Таш-Дөбө айылдык | Чекирова Атыркул Карыяевна | Врач невролог, КНИИКиВЛ № 2 | № 13, 09.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
5 | Нарын шаардык | Зайдинов Дастан Арыстанбекович (№ 13) ("Республика - Ата-Журт" с/п) | "Бабалар нускасы" коомдук бирикмесинин мүчөсү | № 3, 11.04.2019-ж. |
Кочкор району | ||||
6 | Чолпон айылдык | Сатыбалдиев Атайбек Карыпбекович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | № 04, 09.04.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
7 | Сумбула айылдык | Сулайманов Аброржон Халикжанович | ЗАО "БТА Банк", сактыккасса башчысы | № 4, 12.04.2019-ж. |
8 | Исфана шаардык | Мамаражапов Эргашали Дадабаевич (№ 18) (п/п "СДПК") | Пенсионер | № 4, 12.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
9 | Папан айылдык | Жалиев Маматкабыл Токурович | "Кыргыз почтасы", Кожо-Келен бөлүмүнүн башчысы | № 9, 15.04.2019-ж. |