Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели №54
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 54 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Авлетим айылдык | Жолдош уулу Кыязбек | Өз арызы | № 3, 13.04.2019-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
2 | Талдуу-Булак айылдык | Халмуратов Абдувахаб Манапович | Өз арызы | № 12, 18.04.2019-ж. |
3 | Осмонкулов Токтосун Мусаевич | Өз арызы | № 13, 18.04.2019-ж. | |
Сузак району | ||||
4 | Көк-Жаңгак шаардык | Маматкулов Акылбек Турдубекович (№ 8) ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 31, 22.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
5 | Жалпак-Таш айылдык | Абжалов Мирланбек Туркасымович | Өз арызы | № 31, 17.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Казан-Куйган айылдык | Ырысбек уулу Элдар | Өз арызы | № 7, 16.04.2019-ж. |
Жумгал району | ||||
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Шералиева Женишкул Омурбековна | Өз арызы | № 6, 18.04.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
8 | Тош-Булак айылдык | Баяке уулу Болоткан | Өз арызы | № 2, 15.04.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 54 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин чыгарылган ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон району | ||||
1 | Талдуу-Булак айылдык | Шингилов Надыржан Аманбаевич | Өз арызы | № 12, 18.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
2 | Жалпак-Таш айылдык | Чырмашов Азамат Амиркулович | Өз арызы | № 32, 17.04.2019-ж. |
Бишкек шаары | ||||
3 | Бишкек шаардык | № 11 Дашков Василий Анатольевич ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | № 20, 19.04.2019-ж. |
4 | № 15 Токомбаева Эльнара Айдарбековна ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | ||
5 | № 20 Алымкулова Махабат Эсенбековна ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | ||
6 | № 22 Курманалиева Динара Таштанбековна ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-апрелиндеги № 54 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Авлетим айылдык | Кадыров Уланбек Нурмаматович | Убактылуу иштебейт | № 3, 13.04.2019-ж. |
Базар-Коргон району | ||||
2 | Талдуу-Булак айылдык | Мамарасулов Осконбай Токтогулович | "Кыргызпочтасы", байланыш бөлүмүнүн башчысы | № 12, 18.04.2019-ж. |
3 | Ыманбек уулу Бекмамат | ОАО "Евразиялык сактык банк-Ош", бөлүмүнүн башчысы | № 13, 18.04.2019-ж. | |
Сузак району | ||||
4 | Көк-Жаңгак шаардык | Тажибаева Айымтилла Саттаровна (№ 24) ("СДПК" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 32, 22.04.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Өзгөн району | ||||
5 | Жалпак-Таш айылдык | Ысмайыл уулу Сардарбек | Жеке чарба | № 32, 17.04.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
6 | Казан-Куйган айылдык | Ашымова Чолпон Кеңешовна | Дыйкан чарба | № 7, 16.04.2019-ж. |
Жумгал району | ||||
7 | Чоң-Дөбө айылдык | Жабуев Алымбек Семетеевич | Бала бакчасы, мугалим | № 6, 18.04.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
8 | Тош-Булак айылдык | Солтонбеков Нурланбек Апудаевич | Убактылуу иштебейт | № 2, 15.04.2019-ж. |
Город Бишкек | ||||
9 | Бишкекский городской | Шайдуллаев Бакыт Абдуманапович (№ 28) ("Мекеним Кыргызстан" с/п) | ОсОО "Медикс Интернейшнл" башкы директору | № 20/1, 19.04.2019-ж. |