Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-майы №61
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык, Ат-Башы, Лейлек, Тоң, Жети-Өгүз, Токтогул, Панфилов, Жайыл, Чүй, Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Нарын шаардык, Ат-Башы, Лейлек, Тоң, Жети-Өгүз, Токтогул, Панфилов, Жайыл, Чүй, Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык, Ат-Башы, Лейлек, Тоң, Жети-Өгүз, Токтогул, Панфилов, Жайыл, Чүй, Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Нарын шаардык, Ат-Башы, Лейлек, Тоң, Жети-Өгүз, Токтогул, Панфилов, Жайыл, Чүй, Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 61 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Андабеков Нурбек Турдугазиевич (№ 6) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 03.05.2019-ж. |
Ат-Башы району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Иманкулов Кубанычбек Үсөнбаевич | Өз арызы | № 4, 06.05.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
3 | Лейлек айылдык | Наркулов Имарали | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 6, 06.05.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
4 | Төрт-Күл айылдык | Бектуров Тилек Турабакунович | Өз арызы | № 7, 03.05.2019-ж. |
5 | Б.Мамбетов айылдык | Мамбетов Жээнбек Аскарбекович | Өз арызы | № 8, 17.05.2019-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
6 | Даркан айылдык | Берикбаев Марс Усенакунович | Өз арызы | № 2, 13.05.2019-ж. |
7 | Ак-Дөбө айылдык | Турдубек уулу Мирлан | Өз арызы | № 2, 13.05.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
8 | Кетмен-Дөбө айылдык | Стамалиева Аида Кенешбаевна | Каза болгондугуна байланыштуу | № 4, 06.05.2019-ж. |
9 | Жаңы-Жол айылдык | Абасканов Тынчтык Дуйшонович | Өз арызы | № 6, 15.05.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
10 | Орто айылдык | Ашыкеев Бактияр Табалдиевич | Өз арызы | № 1 06.05.2019-ж. |
Жайыл району | ||||
11 | Ак-Башат айылдык | Джунушев Бактыбек Кадырбекович | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 11 30.04.2019-ж. |
Чүй району | ||||
12 | Искра айылдык | Бодбаев Руслан Бейшекеевич | Муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 16 15.05.2019-ж. |
13 | Шайлоев Дамирбек Курсантович | Өз арызы | ||
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
14 | Төөлөс айылдык | Ураимов Эрлан Айтибаевич | Өз арызы | № 7, 29.04.2019-ж. |
15 | Абдыкаарова Алтынай Маматалиевна | Өз арызы | ||
Чоң-Алай району | ||||
16 | Жекенди айылдык | Тагаев Орозбек Анафияевич | Өз арызы | № 1, 13.05.2019-ж. |
17 | Тагаев Ырыскул Матимарович | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 61 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Джалал-Абадская область | ||||
Токтогульский район | ||||
1 | Жаңы-Жол айылдык | Жапаркулова Айнаш Кадырбековна | Өз арызы | № 7, 15.05.2019-ж. |
2 | Чойбеков Алтымыш Киргизбаевич | Өз арызы | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-майындагы № 61 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
1 | Нарын шаардык | Шадыманов Бек Медетбекович (№ 9) ("Кыргызстан" с/п) | Жеке ишкер | № 4, 03.05.2019-ж. |
Ат-Башы району | ||||
2 | Кара-Суу айылдык | Шаршеналы уулу Алтынбек | Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы | № 5, 06.05.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Лейлек району | ||||
3 | Лейлек айылдык | Уразбаева Назакат Эргешевна | Коргон айылдык Маданият үйүнүн кызматкери | № 6, 06.05.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
4 | Төрт-Күл айылдык | Шабданов Бейшенбек Касымбекович | Б.Мабетов атындагы орто мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары | № 7, 03.05.2019-ж. |
5 | Б.Мамбетов айылдык | Бейшенбаев Сардар Мелисбекович | Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп, мугалим | № 8, 17.05.2019-ж. |
Жети-Өгүз району | ||||
6 | Даркан айылдык | Мазымканов Атабек Дюшенович | "Садырбек Ата" дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 2, 13.05.2019-ж. |
7 | Ак-Дөбө айылдык | Орозов Нурлан Абылгазиевич | Дыйкан чарба мүчөсү | № 2, 13.05.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
8 | Кетмен-Дөбө айылдык | Мырзабеков Токтогон | Райондук суу чарба башкармасы, гидроучасткасынын башчысы | № 5, 06.05.2019-ж. |
9 | Жаңы-Жол айылдык | Рысбекова Кенжебу Бообековна | Жеке ишкер | № 7, 15.05.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Панфилов району | ||||
10 | Орто айылдык | Джумагулов Асылбек Керималиевич | Убактылуу иштебейт | № 2 06.05.2019-ж. |
Жайыл району | ||||
11 | Ак-Башат айылдык | Бейшенбаев Аскатбек Мусуралиевич | ЖЧК "КПК", оператор | № 13 15.05.2019-ж. |
Чүй району | ||||
12 | Искра айылдык | Абдынасарова Сарылбубу | ОПП бухгалтер | № 16 15.05.2019-ж. |
13 | Шакинов Бакыт Аскерович | фермер | ||
Ош облусу | ||||
Ноокат району | ||||
14 | Төөлөс айылдык | Бегалатов Исак Абдуллаевич | Пенсионер | № 7, 29.04.2019-ж. |
15 | Зайиров Тажибай Тумөнович | "Туйгун Ата" дыйкан чарбасынын мүчөсү | ||
Чоң-Алай району | ||||
16 | Жекенди айылдык | Токтобеков Амангелди Тургунбаевич | Жеке ишкер | № 1, 13.05.2019-ж. |