Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июлу №111
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө
(КР Шайлоо жана Референдум Өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштердин тажрыйбасын дайыма өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү жана колдонуу боюнча тажрыйбаны жана сунуштарды алмашуу максатында "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3, 7, 18, 19, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө" жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин ишин уюштурууга жооптуу кызматкерлерди бекитүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
|
| № 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 87 токтомуна тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин КУРАМЫ
(КР Шайлоо жана Референдум Өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Ф.А.А. | КР БШК/АШК |
1 | Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | КР БШК төрагасы |
2 | Шайназаров Тынчтык Урайимович | КР БШК төрагасынын орун басары |
Бишкек шаары | ||
3 | Конуров Бахадыр Арунович | Бишкек АШК |
Ош шаары | ||
4 | Бердибекова Кулийпа Турдибековна | Ош АШК |
Баткен облусу | ||
5 | Бердиев Авазбек Турабаевич | Лейлек АШК |
6 | Жалиев Нурланбек Маматкаримович | Кызыл-Кыя АШК |
Жалал-Абад облусу | ||
7 | Боронбаев Тургуналы Жолчуевич | Ала-Бука АШК |
8 | Мадумаров Нармамат Кадырбекович | Базар-Коргон АШК |
Ысык-Көл облусу | ||
9 | Алымбаев Нурбек Толомушевич | Жети-Өгүз АШК |
10 | Алмамбетова Тина-Тина Ашимовна | Түп АШК |
Нарын облусу | ||
11 | Казакбаева Сейнекүл Турдуевна | Жумгал АШК |
12 | Качкынбаева Венера Токтогоновна | Нарын шаардык АШК |
Ош облусу | ||
13 | Молдобаев Мамыт | Алай АШК |
14 | Кимсанов Каныбек | Кара-Суу АШК |
Чүй облусу | ||
15 | Белеков Алманбет Эсенгулович | Сокулук АШК |
16 | Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровна | Аламүдүн АШК |
Талас облусу | ||
17 | Токоева Кундузкан Сактасыновна | Кара-Буура АШК |
18 | Чукотаев Бообек Сапаралиевич | Бакай-Ата АШК |