Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-сентябры № 87
"Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш тажрыйбаны туруктуу өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү жана колдонуу боюнча тажрыйбаны алмашуу жана сунуштарды улантуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 3, 19, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин курамы" деген 2-тиркеме бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 87 токтомуна тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңешинин КУРАМЫ
№ | Ф.А.А. | КР БШК/АШК |
1 | Шайлдабекова Нуржан Кармабековна | КР БШК төрагасы |
2 | Шайназаров Тынчтык Урайимович | КР БШК төрагасынын орун басары |
Бишкек шаары | ||
3 | Конуров Бахадыр Арунович | Бишкек АШК |
Ош шаары | ||
4 | Бердибекова Кулийпа Турдибековна | Ош АШК |
Баткен облусу | ||
5 | Бердиев Авазбек Турабаевич | Лейлек АШК |
6 | Жалиев Нурланбек Маматкаримович | Кызыл-Кыя АШК |
Жалал-Абад облусу | ||
7 | Боронбаев Тургуналы Жолчуевич | Ала-Бука АШК |
8 | Мадумаров Нармамат Кадырбекович | Базар-Коргон АШК |
Ысык-Көл облусу | ||
9 | Алымбаев Нурбек Толомушевич | Жети-Өгүз АШК |
10 | Алмамбетова Тина-Тина Ашимовна | Түп АШК |
Нарын облусу | ||
11 | Казакбаева Сейнекүл Турдуевна | Жумгал АШК |
12 | Качкынбаева Венера Токтогоновна | Нарын шаардык АШК |
Ош облусу | ||
13 | Молдобаев Мамыт | Алай АШК |
14 | Кимсанов Каныбек | Кара-Суу АШК |
Чүй облусу | ||
15 | Белеков Алманбет Эсенгулович | Сокулук АШК |
16 | Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровна | Аламүдүн АШК |
Талас облусу | ||
17 | Токоева Кундузкан Сактасыновна | Кара-Буура АШК |
18 | Чукотаев Бообек Сапаралиевич | Бакай-Ата АШК |
Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология сектордун башчысы |
| Э. Мырзакматова |