Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-августу №119
2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен берилген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы ПЖ № 102 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| А.Бекматов |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы № 119 токтомуна тиркеме |
Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району
Саруу айыл аймагы
№ 3190 шайлоо участогу
Борбору: С.Сыдыков атындагы орто мектеби
Дареги: Жети-Өгүз району, Саруу айылы Жээренбай ажы көчөсү № 57
Чек арасы: Саруу айылы Кендирбаев Касым көчөсү № 1ден № 58ге чейин, Молдокматов Абдыкалый көчөсү № 1ден № 176ге чейин, Такырбашев Толумбек так жагы № 1ден № 133ка чейин жуп жагы № 2ден № 160ка чейин, Алдашев Байгазы № 1ден № 202ге чейин, Сулайманов Уркалый № 1ден № 16ге чейин, Абдраев Шарып № 1ден № 11ге чейин, көчөлөрү башынан аягына чейин жана орто көчөлөр Абдраев Шарып көчөсүнөн Аттокуров Ишен көчөсүнө чейин тоону көздөй Ташыбеков Урказы жуп жагы № 2ден № 12ге чейин, Тоголок Молдо № 1ден № 11ге чейин, Жумагулов Борбаш № 1ден № 16ге чейин, Акматов Эсенкан № 1ден № 23кө чейин, Токтогул Сатылганов № 16дан № 20га чейин, Ашмакун Сатылганов № 19дан № 24кө чейин, Искаков Мадыш № 11ден № 19га чейин, Султан Сарыбаев № 19дан № 23кө чейин, Касымбеков Кубаткул № 24төн № 42ге чейин, Шамбетов Абдриса № 19ден № 26га чейин, Чыныбаев Ыскак көчөлөрү № 34ден № 41ге чейин, Жууку айылы толук кирет.
№ 3191 шайлоо участогу
Борбору: маданият үйү
Дареги: Жети-Өгүз району, Саруу айылы Жээренбай ажы көчөсү № 59
Чек арасы: Рахматов Абдразак көчөсү жуп жагы № 2ден № 64кө чейин, Уркунчиев Эшим көчөсү № 1ден № 94кө чейин, Соно-Ажы көчөсү № 1ден № 238ге чейин, Мусабеков Медий көчөсү № 1ден № 197ге чейин, Сүйүнбаев Абдрахман көчөсү № 1ден № 182ге чейин, Мамажан көчөсүнүн башынан аягына чейин так жагы № 1ден № 193кө чейин толук жана орто көчөлөр Мамажан көчөсүнүн так жагынан тоону көздөй: Тоголок Молдо так жагы № 1ден № 3кө чейин, Жумагулов Борбаш № 1ден № 9га чейин, Акматов Эсенкан № 1ден № 10го чейин, Токтогул Сатылганов № 1ден № 8ге чейин, Ашмакун Сатылганов № 1ден № 6га чейин, Искаков Мадыш № 1ден № 8ге чейин, Султан Сарыбаев № 1ден № 7ге чейин, Касымбеков Кубаткул № 1ден № 13ге чейин, Шамбетов Абдриса № 1ден № 8га чейин, Чыныбаев Ыскак № 1ден № 21кө чейин көчөлөрү кирет.
№ 3249 шайлоо участогу
Борбору: Жапар Чабалдаев атындагы орто мектеби
Дареги: Жети-Өгүз району, Саруу айылы Жээренбай ажы көчөсү № 57
Чек арасы: Мамажан көчөсүнүн башынан аягына чейин жуп жагы № 2ден № 188ге чейин, Жумадылов Акий көчөсү № 1ден № 40ка чейин, Жээренбай-Ажы көчөсү № 1ден № 155ке чейин, Урманбетов Асек көчөсү № 1ден № 34кө чейин, Аттокуров Ишен көчөсү № 1ден № 171кө чейин жана орто көчөлөр Аттокуров Ишен көчөсүнөн Мамажан көчөсүнүн жуп жагына чейин тоону көздөй Тоголок Молдо № 5тен № 9га чейин, Жумагулов Борбаш № 6ден № 27ге чейин, Акматов Эсенкан № 12ден № 19га чейин, Токтогул Сатылганов № 10дон № 16га чейин, Ашмакун Сатылганов № 8ден № 19га чейин, Искаков Мадыш № 8ден № 11ге чейин, Султан Сарыбаев № 8ден № 18ге чейин, Касымбеков Кубаткул № 14төн № 23кө чейин, Шамбетов Абдриса № 9дан № 18ге чейин, Чыныбаев Ыскак № 22ден № 33кө чейин көчөлөрү толук кирет.
№ 3192 Санатория шайлоо участогу
Борбору: Санатория башталгыч мектебинин имараты
Чек арасы: Көл көчөсү № 1ден № 58ге чейин, Токтосунов Асанкадыр № 1ден № 45ке чейин, Ысык-Көл санатория айылы толугу менен кирет.