Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу №123
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Токтогул, Тоң, Өзгөн, Ноокен жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары |
| А.Бекматов |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 22-августундагы № 123 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
| Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
1 | Масы айылдык | Акматбек уулу Тимурлан | Өз арызы | № 11, 02.07.2019-ж. |
Токтогул району | ||||
2 | Жаны-Жол айылдык | Кушубеков Арслан Зулумбекович | Өз арызы | № 9, 15.08.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3 | Ленин айылдык | Максутбаев Бактыбек | Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалган | № 25, 07.08.2019-ж. |
4 | Кабылан-Көл айылдык | Мадаев Гулжигит | Өз арызы | № 25, 07.08.2019-ж. |
Өзгөн району | ||||
5 | Кара-Таш айылдык | Мамасеит уулу Нурмухамбет | Өз арызы | № 35, 13.08.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
6 | Ак-Терек айылдык | Калыков Турусбек Ашымович | Өз арызы | № 9, 30.06.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 22-августундагы № 123 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
| Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
1 | Масы айылдык | Эргешов Йигитали Абдумаликович | Жеке ишкер | № 2, 06.08.2019-ж. |
Токтогулский район | ||||
2 | Жаны-Жол айылдык | Акылбек уулу Арстанбек | Жеке ишкер | № 9, 15.08.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
3 | Ленин айылдык | Меңдибай уулу Жоодарбек | Жеке ишкер | № 25, 07.08.2019-ж. |
4 | Кабылан-Көл айылдык | Дүйшебаев Уларбек Убайдиллаевич | Жеке ишкер | № 25, 07.08.2019-ж. |
Өзгөн району | ||||
5 | Кара-Таш айылдык | Маматов Каныбек Жолдошбаевич | Жеке чарба | № 36, 13.08.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
6 | Ак-Терек айылдык | Акчубаков Элдияр Байбосунович | Жеке ишкер | № 9, 08.08.2019-ж. |