Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-октябры №149
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиянын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими бекитилсин.
3. Таш-Көмүр, Ысык-Көл, Ак-Суу, Кочкор жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиянын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-октябрындагы № 149 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Сансызбаев Сулайман Самакович (8) ("КСДП" деп. фракциясы) | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 4, 25.09.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
2 | Бостери айылдык | Керимбеков Майрамбек Сабырбекович | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 12, 19.09.2019-ж. |
Ак-Суу району | ||||
3 | Каракол айылдык | Мукамбетов Эрнис Комунович | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 11, 30.09.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Ак-Кыя айылдык | Төлөмүшов Казыбек Сейитбекович | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 11, 02.10.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
5 | Шадыкан айылдык | Биримкулов Рамис Сулайманович | Өз арызы, башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу | № 7, 18.04.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-октябрындагы № 149 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен талапкерлердин чыгарылган ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
1 | Ак-Кыя айылдык | Асанбеков Адилет Шүкүрбекович | Өз арызы | № 12, 02.10.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-октябрындагы № 149 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
1 | Таш-Көмүр шаардык | Ормонов Раимбек Базарбекович (10) ("КСДП" деп. фракциясы) | "Аргымак" ААК, автоколонна башчысы | № 4, 25.09.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
2 | Бостери айылдык | Келгенбаева Мээрим Келгенбаевна | "Кыргызалтын" санаториясы, бөлүмүнүн башчысы | № 12, 19.09.2019-ж. |
Ак-Суу району | ||||
3 | Каракол айылдык | Арипов Нурбек Джуматаевич | Фермер | № 12, 30.09.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
4 | Ак-Кыя айылдык | Сагынбек уулу Алтынбек | Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы, башкы адис-картограф | № 12, 02.10.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
5 | Шадыкан айылдык | Джолдошев Темиркан Джаманкулович | Дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 8, 01.10.2019-ж. |