Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-ноябры №158
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерди катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Сүлүктү, Нарын шаардык, Аксы, Ысык-Көл жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки 3-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 158 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Таирова Салкынай Туракуловна (№ 3) ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 17.10.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Таалайбек уулу Камчыбек (№ 15) ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 10, 17.10.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
3 | Кербен шаардык | Султанмуратов Нурдин Замирбекович (№ 2) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 9, 26.10.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
4 | Чолпон-Ата шаардык | Тагулуков Бердибек Шейшенович (№ 1) ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 13, 01.10.2019-ж. |
5 | Чолпон-Ата шаардык | Жаманакова Динара Жолдошбековна (№ 6) ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы | Өз арызы, муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 13, 01.10.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу шаары | ||||
6 | Шарк айылдык | Тажибай уулу Нурбек | Өз арызы | № 23, 23.10.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 158 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Чолпон-Ата шаардык | Кыдыралиев Уланбек Кенешбекович (№ 9) ("Республика Ата-Журт" с/п) | Өз арызы | № 13, 01.10.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 158 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
1 | Сүлүктү шаардык | Сабурова Айжамал Курбанбаевна (№ 10) ("Республика Ата-Журт" с/п) | ААК "Мөл Булак Финанс", улук адисти | № 1, 17.10.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
2 | Нарын шаардык | Жакыпов Рысбек Шаршенбекович (№ 6) ("Республика Ата-Журт" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 10, 17.10.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
3 | Кербен шаардык | Султанмуратов Бакытбек Турдушович (№ 5) ("Кыргызстан" с/п) | Жеке ишкер | № 9, 26.10.2019-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
4 | Чолпон-Ата шаардык | Асаналиев Рыспек Байгазиевич (№ 10) ("Республика Ата-Журт" с/п) | "Good Lake" эс алуу борборунун директору | № 13, 01.10.2019-ж. |
5 | Чолпон-Ата шаардык | Исаева Гульжамал Калиевна (№ 16) ("Республика Ата-Журт" с/п | пенсионер | № 13, 01.10.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу шаары | ||||
6 | Шарк айылдык | Шакиров Улукбек Турдубекович | Жеке ишкер | № 23, 23.10.2019-ж. |