Редакцияот 06.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2019-жылдын 6-декабры №175

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.

3. Түп, Тоң, Кара-Суу, Кемин, Аламүдүн, Баткен, Нарын шаардык, Жайыл жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 175 токтомунун 1-тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Арал айылдык

Букуев Асхат Кувандыкович

Өз арызы

№ 7, 27.11.2019-ж.

Тоң району

2

Улахол айылдык

Эмилбеков Улан Эмилбекович

Өз арызы

№ 12, 19.11.2019-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

3

Савай айылдык

Кенжебай уулу Темирхан

Өз арызы

№ 27, 25.11.2019-ж.

Чүй облусу

Кемин району

4

Жаңы-Алыш айылдык

Молдобаев Абдырашид Сатыевич

Өз арызы

№ 22, 29.11.2019-ж.

Аламүдүн району

5

Ленинский айылдык

Мустаков Сеит Бакирович

Өз арызы

№ 25, 22.11.2019-ж.

6

Лебединовка айылдык

Турсуналиев Талайбек Сагымбекович

Каза болгондугуна байланыштуу

№ 27, 22.11.2019-ж.

Жайыл району

7

Кара-Балта шаардык

Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович (№ 7) ("ЭлАман" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 19, 02.12.2019-ж.

Баткен облусу

Баткен району

8

Кара-Булак айылдык

Эрматов Алмазбек Сайтгазиевич

Өз арызы

№ 84, 22.10.2019-ж.

Нарын облусу

Нарын шаары

9

Нарын шаардык

Зайдинов Дастан Арыстанбекович (№ 13) ("Республика-Ата Журт" деп. фракциясы)

Өз арызы

№ 11, 28.11.2019-ж.

Талас облусу

Талас району

10

Арал айылдык

Найзабеков Жылдызбек Бакбурканович

Өз арызы

№ 16, 27.11.2019-ж.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 175 токтомунун 2-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А.

Негиз

Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими

Ош облусу

Кара-Суу району

1

Савай айылдык

Дадажанов Музафар Валиевич

Өз арызы

№ 27, 25.11.2019-ж.

2

Полотов Гапиржан Ганиевич

Өз арызы

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 175 токтомунун 3-тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Ысык-Көл облусу

Түп району

1

Арал айылдык

Бокуев Муратбек Асанович

Дыйкан

№ 8, 27.11. 2019-ж.

Тоң району

2

Улахол айылдык

Мамбетов Таалайбек Жукалаевич

Убактылуу иштебейт

№ 16, 19.11.2019-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

3

Савай айылдык

Худайбердиев Дилшадбек Исакович

Убактылуу иштебейт

№ 27, 25.11.2019-ж.

Чүй облусу

Кемин району

4

Жаңы-Алыш айылдык

Аскарбек уулу Асеин

ЖЧК "Газпром" оператору

№ 23, 29.11.2019-ж.

Аламүдүн району

5

Ленинский айылдык

Борчубаева Алмагуль Толековна

"Ветка" КК зоотехник

№ 26, 22.11.2019-ж.

6

Лебединовка айылдык

Кутманов Улукбек Капарбекович

Убактылуу иштебейт

№ 28, 22.11.2019-ж.

Жайыл району

7

Кара-Балта шаардык

Ажыматов Азамат Темиркатович (№ 8) ("ЭлАман" деп. фракциясы)

Убактылуу иштебейт

№ 20, 02.12.2019-ж.

Баткен облусу

Баткен району

8

Кара-Булак айылдык

Назарова Толукай Тешебаевна

Орто мектепте мугалим

№ 84, 22.10.2019-ж.

Нарын облусу

Нарын шаары

9

Нарын шаардык

Джунусов Майрамбек Таласбекович (№ 12) ("Республика-Ата Журт" деп. фракция)

Убактылуу иштебейт

№ 11, 28.11.2019-ж.

Талас облусу

Талас району

10

Арал айылдык

Ташматов Эрмек Тургунбекович

"Эрмек" дыйкан чарба, мүчөсү

№ 17, 27.11.2019-ж.