Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры №177
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Аксы, Ала-Бука, Араван, Кара-Суу жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы № 177 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Жыгач айылдык | Байгондуев Заирбек Сатыбаевич | Өз арызы | № 10, 04.12.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
2 | Т.Балтагулов айылдык | Абдиназаров Чолпонбай Эркинович | Өз арызы | № 19, 04.12.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
3 | Тепе-Коргон айылдык | Мамадалиев Оринжан Абдулазизович | Өз арызы | № 3, 05.12.2019-ж. |
4 | Мамасидик уулу Наврузбек | Өз арызы | ||
Кара-Суу району | ||||
5 | Шарк айылдык | Туркменов Джалалдин Шаисмаилович | Өз арызы | № 28, 09.12.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
6 | Бакайыр айылдык | Абдиев Рамил Сулайманович | Өз арызы | № 36, 06.12.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы 177 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Аксы району | ||||
1 | Кара-Жыгач айылдык | Назарбеков Анаралы Чиркейович | Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, машыктыруучу | № 10, 04.12.2019-ж. |
Ала-Бука району | ||||
2 | Т.Балтагулов айылдык | Камчибеков Айбек Таштанбекович | Райондук суу чарба башкармалыгы, бөлүм башчысы | № 20, 04.12.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
3 | Тепе-Коргон айылдык | Арзиев Ахмадали Тохтасинович | Жайыт комитетинин төрагасы | № 3, 05.12.2019-ж. |
4 | Исакова Махигул Оманбайевна | Орто мектебинин мугалими | ||
Кара-Суу району | ||||
5 | Шарк айылдык | Иминов Садиржан Саибжанович | Дыйкан чарбасынын жетекчиси | № 28, 09.12.2019-ж. |
Талас облусу | ||||
Кара-Буура району | ||||
6 | Бакайыр айылдык | Зооталиев Бактыяр Балтагулович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 36, 06.12.2019-ж. |