Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры №183
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Ысык-Көл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдери бекитилсин.
3. Түп, Тоң, Ысык-Көл, Ат-Башы, Алай, Өзгөн, Аламүдүн жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 183 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Түп айылдык | Сатыбалдиев Жениш Болотович | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 12, 19.11.2019-ж. |
Тоң району | ||||
2 | Улахол айылдык | Өмүркулов Урмат | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 15, 19.11.2019-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
3 | Чолпон-Ата шаардык | Жукешов Мирлан Кубанычбекович ("Улуу Кыргызстан" деп. фракциясы № 5) | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. |
4 | Турдалиева Майрам Мукашевна ("Табылга" деп. фракциясы № 6) | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. | |
5 | Темир айылдык | Рахманов Асылбек Памирович | Өз арызы | № 14, 16.12.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
6 | Ак-Талаа айылдык | Чакиев Талантбек Абытбекович | Өз арызы | № 17, 13.12.2019-ж. |
7 | Ат-Башы айылдык | Молдоянова Күлмайрам Асылташовна | Каза болгондугуна байланыштуу | № 18, 13.12.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
8 | Алай айылдык | Ажибеков Илимбек Сыдыкович | Өз арызы | № 28, 20.12.2019-ж. |
Өзгөн району | ||||
9 | Салам-Алик айылдык | Калматов Бабажан Ашимович | Өз арызы | № 40, 16.12.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
10 | Октябрь айылдык | Кадыров Жамалдин Жолдошович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 31, 19.12.2019-ж. |
Жайыл району | ||||
11 | Ак-Башат айылдык | Донецко Юрий Иванович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 21, 18.12.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 183 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына саясий партиялардын катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ысык-Көл району | ||||
1 | Чолпон-Ата шаардык | Жумабаев Азамат Ибраимович (№ 11) (с/п "Улуу Кыргызстан") | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. |
2 | Шаршемби кызы Керемет (№ 12 ) (с/п "Улуу Кыргызстан") | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. | |
3 | Исмаилов Сабырбек Советбекович (№ 13) (с/п "Улуу Кыргызстан") | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. | |
4 | Торобекова Чынаргуль Кулпубековна (№ 15) (с/п "Улуу Кыргызстан") | Өз арызы | № 15, 16.12.2019-ж. | |
5 | Темир айылдык | Деркембаев Олжобек Жийдебаевич | Өз арызы | № 14, 16.12.2019-ж. |
6 | Тулекеева Назира Чолпонкуловна | Өз арызы | № 14, 16.12.2019-ж. | |
7 | Кожомбердиев Жоодарбек Алтымышович | Өз арызы | № 14, 16.12.2019-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
8 | Октябрь айылдык | Турабаев Вали Эргашеевич | Өз арызы | № 21, 19.12.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 183 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Түп айылдык | Осмонов Заирбек Асангазиевич | Дыйкан | № 10, 19.11.2019-ж. |
Тоң району | ||||
2 | Улахол айылдык | Эсенов Тилек Эсенович | Убактылуу иштебейт | № 15, 19.11.2019-ж. |
Ысык-Көл району | ||||
3 | Чолпон-Ата шаардык | Нургазы уулу Саламат (№ 16) (п/п "Улуу Кыргызстан") | "Кока-Кола" компаниясынын айдоочусу | № 15, 16.12.2019-ж. |
4 | Безкоровайная Жанна Геннадьевна (№ 11) (п/п "Табылга") | Жеке ишкер | № 15, 16.12.2019-ж. | |
5 | Темир айылдык | Акматов Нурбек Жасынович | Жеке ишкер | № 14, 16.12.2019-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ат-Башы району | ||||
6 | Ак-Талаа айылдык | Асанбаев Мирбек Курманбекович | "Тегирмен" дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 17, 13.12.2019-ж. |
7 | Ат-Башы айылдык | Жумабаев Канатбек Жаңыбаевич | М.Өмүракунов атындагы балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде директорунун орун басары | № 18, 13.12.2019-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
8 | Алай айылдык | Эргешов Азамат Омарбекович | Орто мектепте мугалим | № 28, 20.12.2019-ж. |
Өзгөн району | ||||
9 | Салам-Алик айылдык | Чыбышов Токтогул Акматович | Жеке чарба | № 41, 16.12.2019-ж. |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
10 | Октябрь айылдык | Жоробекова Гульмира Авазовна | Орто мектепте мугалим | № 35, 19.12.2019-ж. |
Жайыл району | ||||
11 | Ак-Башат айылдык | Бейшенбаев Мусралы Эсенбекович | Убактылуу иштебейт | № 22, 18.12.2019-ж. |