Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 8
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Ак-Суу, Жумгал, Тогуз-Торо, Чаткал, Ала-Бука, Ноокен, Токтогул жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Кара-Жал айылдык | Амантуров Айбек Жолдубекович | Өз арызы | № 13, 30.12.2019-ж. |
2 | Теплоключенка айылдык | Осорбаев Айбек Таалайбекович | Өз арызы | № 15, 30.12.2019-ж. |
3 | Мусуралиева Зульфия Асанходжоевна | Өз арызы | № 17, 30.12.2019-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
4 | Чоң-Дөбө айылдык | Сыдыгалиева Эрке Рысбековна | Каза болгондугуна байланыштуу | № 19, 23.12.2019-ж. |
5 | Жумгал айылдык | Санташов Тариэл Саллидбекович | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 1, 08.01.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
6 | Сары-Булуң айылдык | Оркошов Бекбоо | Каза болгондугуна байланыштуу | № 8, 24.12.2019-ж. |
Чаткал району | ||||
7 | Сумсар айылдык | Байназаров Манас Кенжебаевич | Өз арызы | № 2, 20.12.2019-ж. |
8 | Назаров Нурлан | Каза болгондугуна байланыштуу | № 2, 20.12.2019-ж. | |
Ала-Бука району | ||||
9 | Ала-Бука айылдык | Нурматов Кадырбай Довутович | Өз арызы | № 22, 27.12.2019-ж. |
10 | 1-Май айылдык | Ажиев Эрлан Каныбекович | Өз арызы | № 24, 27.12.2019-ж. |
11 | Дадажанов Абдихахар Сайфидинович | Өз арызы | № 24, 27.12.2019-ж. | |
12 | Базарбаев Осмоналы Усманович | Өз арызы | № 24, 27.12.2019-ж. | |
13 | Көк-Таш айылдык | Рысдавлетов Илясбек Рахманалыевич | Өз арызы | № 1, 10.01.2020-ж. |
Ноокен району | ||||
14 | Кочкор-Ата шаардык | Токтосунов Жолборсбек Абдыкапарович (№ 1) ("Республика - Ата-Журт" саясий партиясы) | Өз арызы | № 3, 27.12.2019-ж. |
15 | Сыдыков Медербек Абдыкалыкович (№ 2) ("Республика - Ата-Журт" саясий партиясы) | Өз арызы | № 4, 27.12.2019-ж. | |
Токтогул району | ||||
16 | Токтогул шаардык | Касымов Алмаз Рахматиллаевич (№ 1) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | Өз арызы | № 1, 14.01.2020-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
17 | Жалал-Абад шаардык | Исмаилов Баходир Ибрагимович (№ 2) ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | № 43/26, 10.01.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
1 | Чоң-Дөбө айылдык | Токтобеков Джолдошбек Мухаммедович | Өз арызы | № 19, 23.12.2019-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 8 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Кара-Жал айылдык | Усупкожоев Акылбек Осмоналиевич | Дыйкан | № 10, 19.11.2019-ж. |
2 | Теплоключенка айылдык | Ишенбаев Кутман Догдурбаевич | Дыйкан | № 10, 19.11.2019-ж. |
3 | Тыналиев Кубанычбек Усенакунович | Машыктыруучу | № 10, 19.11.2019-ж. | |
Нарын облусу | ||||
Жумгал району | ||||
4 | Чоң-Дөбө айылдык | Сооронбаев Анарбек Чолукович | Дыйкан чарба | № 19, 23.12.2019-ж. |
5 | Жумгал айылдык | Жеңишбеков Аскат Жеңишбекович | Жумгал ДЭУ, айдоочу | № 1, 08.01.2020-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
6 | Сары-Булуң айылдык | Келгенбаева Жаңылбүбү Илиязовна | Убактылуу иштебейт | № 9, 24.12.2019-ж. |
Чаткал району | ||||
7 | Сумсар айылдык | Жантаев Абдурашид Абдуллажанович | Убактылуу иштебейт | № 3, 20.12.2019-ж. |
8 | Худайбердиев Талантбек Умаржанович | Өрт коопсуздугун сактоочу бөлүмү, кызматкери | № 3, 20.12.2019-ж. | |
Ала-Бука району | ||||
9 | Ала-Бука айылдык | Усупбаев Азамат Токтосунович | "Чандалаш Энерджи" ЖЧК, директору | № 23, 27.12.2019-ж. |
10 | 1-Май айылдык | Кожобеков Рахманберди Камчиевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 25, 27.12.2019-ж. |
11 | Кулуев Мадаминбек Сатимбаевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 25, 27.12.2019-ж. | |
12 | Салибаев Төрөгазы Сабыралиевич | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 25, 27.12.2019-ж. | |
13 | Көк-Таш айылдык | Жумабай уулу Мирсейит | Дыйкан чарбасынын башчысы | № 2, 10.01.2020-ж. |
Ноокен району | ||||
14 | Кочкор-Ата шаардык | Мурзабек уулу Жумабек Абдыкапарович (№ 7) ("Республика - Ата-Журт" саясий партиясы) | Балдар жана өспүрүм спорттук мектеби, машыктыруучу | № 3, 27.12.2019-ж. |
15 | Муталипов Нурбек Акылбекович Абдыкапарович (№ 10) ("Республика - Ата-Журт" саясий партиясы) | "Кыргынефтегаз", кампа башчысы | № 4, 27.12.2019-ж. | |
Токтогул району | ||||
16 | Токтогул шаардык | Курбанов Мухиддин Кабылахунович (№ 5) ("Ата-Журт" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 2, 14.01.2020-ж. |
Жалал-Абад шаары | ||||
17 | Жалал-Абад шаардык | Турдукулов Канатбек Турусбекович (№ 19) ("Онугуу-Прогресс" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 43/26, 10.01.2020-ж. |