Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-январы № 24
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечимдери бекитилсин.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечими бекитилсин.
3. Аламүдүн, Сокулук, Кадамжай, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Нарын шаардык, Кочкор, Кара-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 24 токтомунун 1-тиркемеси |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Дөбө айылдык | Калдарбеков Элдияр Султанович | Өз арызы | № 29, 29.12.2019-ж. |
Сокулук району | ||||
2 | Асылбаш айылдык | Абаев Айбек Сураналиевич | Өз арызы | № 20, 27.12.2019-ж. |
3 | З.Кайназарова атындагы айылдык | Дударев Александр Васильевич | Өз арызы | № 19, 27.12.2019-ж. |
4 | Шопоков шаардык | Рысбек уулу Алмаз (№ 4) ("Өнүгүү-Прогресс" деп. фракция) | Өз арызы | № 18, 27.12.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
5 | Кадамжай шаардык | Нурматов Чынгыз Айтматович (№ 2) (деп. фракция "СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 14, 27.12.2019-ж. |
6 | Үч-Коргон айылдык | Вайдуллаев Сайидахмад Мамуталиевич | Өз арызы | № 16, 27.12.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
7 | Кара-Көл шаардык | Атагараев Узакжан Мамадильдеевич (№ 2) ("СДПК" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 4, 26.12.2019-ж. |
8 | Кулжигачева Махабат Женишовна (№ 3) ("Кыргызстан" деп. фракциясы) | Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу | ||
Таш-Көмүр шаары | ||||
9 | Таш-Көмүр шаардык | Сапаралиев Азамат Сагынбекович (№ 5) ("Таш-Көмүр жаштары" деп. фракциясы) | Өз арызы | № 1, 15.01.2020-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
10 | Нарын шаардык | Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич (№ 4) ("Республика - Ата-Журт" деп. фракциясы) | Өз арызы, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу | № 2, 16.01.2020-ж. |
Кочкор району | ||||
11 | Сары-Булак айылдык | Жумабеков Уланбек Кадыралиевич | Өз арызы | № 3, 17.01.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
12 | Төлөйкөн айылдык | Ырысбай уулу Таласбек | Өз арызы | № 2, 13.01.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
13 | Михайловка айылдык | Горборуков Леонид Филлипович | Каза болгондугуна байланыштуу | № 13, 09.01.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 30-январындагы № 24 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Негиз | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
1 | Михайловка айылдык | Асыкбаев Шаршен Орозбекович | Өз арызы | № 14, 09.01.2020-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 30-январындагы № 24 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Таш-Дөбө айылдык | Кыдырова Нурдина Курманбековна | "Бишкекводоканал", инженери | № 29, 29.12.2019-ж. |
Сокулук району | ||||
2 | Асылбаш айылдык | Сталбек уулу Болотбек | Убактылуу иштебейт | № 20, 27.12.2019-ж. |
3 | З.Кайназарова атындагы айылдык | Мусаев Эркин Каримович | Дыйкан чарбасынын башчысы | № 19, 27.12.2019-ж. |
4 | Шопоков шаардык | Иманкулов Талгат Маматбекович (№ 5) ("Өнүгүү-Прогресс" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 18, 27.12.2019-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
5 | Кадамжай шаардык | Туйбаев Сайдулла Камчиевич (7) ("СДПК" с/п) | Жеке ишкер | № 15, 27.12.2019-ж. |
6 | Үч-Коргон айылдык | Умаралиев Илхомжон Кобилжонович | Дыйкан чарбасынын мүчөсү | № 17, 27.12.2019-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Кара-Көл шаары | ||||
7 | Кара-Көл шаардык | Мадиев Артыкбек Чилпакович (№ 7) ("СДПК" с/п) | Токтогул ГЭС, респираторчу | № 4, 26.12.2019-ж. |
8 | Шамшиева Космира Кубанычбековна (№ 6) ("Кыргызстан" с/п) | Бакай-Ата районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу | ||
Таш-Көмүр шаары | ||||
9 | Таш-Көмүр шаардык | Сооронбаев Кайрат Манасбекович (№ 16) ("Таш-Көмүр жаштары" с/п) | Убактылуу иштебейт | № 1, 15.01.2020-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
10 | Нарын шаардык | Абиков Нурмат Иманкулович (№ 16) ("Республика Ата-Журт" деп. фракциясы) | Жеке ишкер | № 2, 16.01.2020-ж. |
Кочкор району | ||||
11 | Сары-Булак айылдык | Козубеков Жолдошбек Советбекович | Дыйкан чарба | № 4, 17.01.2020-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
12 | Төлөйкөн айылдык | Кадыров Канатбек Сапарбаевич | Убактылуу иштебейт | № 2, 13.01.2020-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
13 | Михайловка айылдык | Сартпаев Урдин Сулкарынович | Убактылуу иштебейт | № 14, 09.01.2020-ж. |