КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
1999-жылдын 22-ноябры N 169
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун, берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун, берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомду жүзөгө ашырууга контролдук кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| С.Иманбаев |