Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ЖОБО
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 1999-жылдын 22-ноябрындагы N 169 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоонун, берүүнүн жана сактоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү" Кодекстин 39-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын, областтык жана райондук кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулар шайлоо бюллетендерин алышат, ал жооптуу отчеттук документ болуп саналат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,5 проценттен ашпоого тийиш.
1. Шайлоо бюллетендерин даярдоо
1.1. Республикалык бирдиктүү шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттарды, бир мандаттуу округдар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын, областтык жана райондук кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн ар бир шайлоочу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген ар кандай формадагы беш шайлоо бюллетенин алат.
1.2. Борбордук шайлоо комиссиясы республикалык бирдиктүү шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын, даярдоонун тартибин жана текстин, бир мандаттуу округдар боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана даярдоонун тартибин белгилейт.
1.3. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоону камсыз кылат.
1.4. Округдук шайлоо комиссиялары бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарын, областтык жана райондук кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет.
1.5. Областтык шайлоо комиссиялары областтык жана райондук кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоону камсыз кылат.
1.6. Шайлоо бюллетендеринин тексти тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүгө кеминде 20 календарлык күн калганда бекитилет. Бюллетендин тексти анын бир тарабында гана жайгашууга тийиш.
1.7. Республикалык бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендеринде саясий партиялардын, шайлоо блокторунун аталыштары, талапкерлердин тизмесинде көрсөтүлгөн биринчи үч талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, ээлеген кызматы (ишинин түрү) чүчүкулак менен аныкталган тартипте жайгаштырылат.
1.8. Бир мандаттуу (көп мандаттуу) шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетендеринде ошол шайлоо округу боюнча катталган бардык талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, негизги иштеген же кызмат кылган жери (ишинин түрү) алфавиттик тартипте жайгаштырылат.
1.9. Ар бир талапкер жөнүндөгү маалыматтын, саясий партиянын, шайлоо блогунун аталышынын оң тарабына бош төрт чарчы сызык жайгаштырылат. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо блокторунун аталыштарынын тизмесинин акырына "Бардык талапкерлерге каршы" ("Бардык талапкерлердин тизмесине каршы") деген сап, андан оң тарапта бош төрт чарчы сызык жайгаштырылат.
1.10. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндөгү түшүндүрмөлөрдү камтууга тийиш.
1.11. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен кыргыз жана орус тилдеринде басылат.
1.12. Шайлоо бюллетени шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышын, ошондой эле шайлоо округунун номерин же республикалык бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмөнү камтыйт.
2. Шайлоо бюллетендерин берүүнүн тартиби
2.1. Шайлоо бюллетендери басмакана жараксыздарын чыгарып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин даярдоону заказ кылган шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө акт боюнча өткөрүп берет. Бюллетендер берилгенден кийин, шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн катышуусу менен, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо блокторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыруу менен жараксыздыкка чыгарылган жана артыкбаш бюллетендер жок кылынат, ал жөнүндө акт түзүлөт да ага катышкан адамдардын бардыгы кол коюшат.
2.2. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин кеминде 10 календарлык күн калганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин акт боюнча өткөрүп берет.
2.3. Областтык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин кеминде 10 календарлык күн калганда областтык жана райондук кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча округдук комиссияларга шайлоо бюллетендерин акт боюнча өткөрүп берет.
2.4. Участкалык комиссияларга шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин бир күн калганда акт боюнча берилет. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилген шайлоо бюллетендеринин саны бюллетендерди өткөрүп берүү күнүндө шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине кошулган шайлоочулардын санынан 0,5 проценттен ашпоого тийиш.
2.5. Бюллетендерди берүүнүн тууралыгы үчүн шайлоо комиссияларынын төрагалары жоопкерчилик тартат.
2.6. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин кээ бир талапкерлер (талапкерлердин тизмеси) чыгып калган учурда участкалык шайлоо комиссиялары округдук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча бюллетенден тийиштүү талапкерлер (талапкерлердин тизмеси) жөнүндөгү маалыматтарды сызып салат.
3. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүү
3.1. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайлоо күнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин берет жана шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
3.2. Шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочуларга тийиштүү участканын шайлоочуларынын тизмесинин негизинде паспортун же жарандын ким экендигин тастыктаган документти (офицердик күбөлүктү, мөөнөттүк кызматтагы аскер кызматчыларынын аскердик билетин, моряктын паспортун, ички иштер органдары берген белгиленген үлгүдөгү справканы, пенсиялык күбөлүктү, айдоочунун күбөлүгүн) көрсөтүү боюнча берилет. Бюллетенди алгандыгы жөнүндө шайлоочу шайлоочулардын тизмесине кол коет.
4. Шайлоо бюллетендерин сактоо жана жеткирүү
4.1. Шайлоо бюллетендеринин сакталышы үчүн жоопкерчилик Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчысына, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жүктөлөт.
4.2. Шайлоо бюллетендери ички иштер органдары бөлгөн күзөттүн коштоосунда жеткирилет.
4.3. Шайлоо бюллетендери отко күйбөс темир ящиктерде (сейфтерде) сакталат, алар округдук, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары тарабынан чапталат же пломба коюлат жана ички иштер органдары бөлгөн кызматкердин кайтаруусунда болот.
4.4. Шайлоодон кийин (чапталган түрүндө) добуш берүү үчүн бюллетендер участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан тийиштүү округдук шайлоо комиссияларына участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгондон кийин дароо берилет. Округдук шайлоо комиссиялары округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин добуш берүү үчүн бюллетендерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын архивине өткөрөт, ал жерде алар белгиленген тартипте жок кылынат.