Загрузка документа…
Тиркеме 2
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 616 буйругу менен бекитилген |
“Суу алдындагы - техникалык, суучулдук ишти жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги),
9-бөлүмүнүн 8-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү: “Суу алдындагы - техникалык, суучулдук ишти жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү” КР ӨКМдин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору ( Суучулдар кызматы) тарабынан ишке ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн адиминистративдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы №675 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча арызды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (электрондук, мам.кызмат көрсөтүү порталы) – 2 жумуш күн;
- Суу алдындагы техникалык, суучулдар ишин жана дайвингди аткаруу алдыдагы аткарылуучу жумуштун көлөмү жана кызмат көрсөтүү келишими менен аныкталат. Мөөнөттүн максималдуу чеги 1 айдан ашуун.
(2) Кызмат алууга керектүү документтердин тизмеси:
а) эркин түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу коюлган жазуу түрүндөгү арыз (юридикалык жактар үчүн- мөөр басылган расмий бланкта);
б) иш жүргүзүлө турган объект жөнүндө техникалык маалымат жана зарыл жумуштардын сүрөттөлүшү;
в) юридикалык жактардын реквизиттери (анын ичинде почта дареги, юридикалык жактын жайгашкан орду) жана банк реквизиттери (эсеп счетунун №, бланктын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру –ИНН)
(3) Кызмат көрсөтүүнүн өз наркы (эгерде ал бекер көрсөтүлсө) же анын кызмат баасы (эгерде ал акы төлөнүүчү болсо): Мамлекеттик кызмат көрсөтүү- акы төлөнүүчү болот, кызматтын баасы Монополияга каршы жөнгө салуу уюму менен макулдашылган (2015 – жылдын 17 – июлундагы №69 буйругу тиркеме №1) ушул Регламенттин бөлүнбөс бөлүгү болгон расмий баа прейскурантына ылайык коюлат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Аткарылган иштер, аткарылган суучулдар ишинин Акты.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол – жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол - жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү. |
|
2 | Арыз ээси менен келишим түзүү жана суучул тобун топтоо ( суу алдындагы техникалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо ) |
|
3 | Суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу процессин өткөрүү. |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү. |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат өкүлү | Аракеттин узактыгы | Аракеттин натыйжасы | Аракетти жөнгө салуучу документ |
|
|
|
|
|
1- Жол-жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү | ||||
Аракет 1.1 Кардардын мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу, каттоо. | 1 категориядагы адис –иш алып баруучу | 1 иш күн
| Арызды кириш кагаздарынын журналына каттоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 1.2 Документтердин толук экендигин жана алардын туура мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык толтурулушун текшерүү. Документтердин комплекти болбосо же алар туура эмес толтурулса, арыз ээсине бул мүчүлүштүктөрдү жок кылуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык кайрадан кайрылуу сунушуталат.
| Суучулдар иши боюнча эксперт | 1 жумуш күн | Арыз ээсинин документтерин кабыл алуу же кайтаруу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 1.3 Арыз ээсин мамлекеттик кызмат көрсөтүү мүкүнчүлүгү тууралуу же андан баш тартуу жөнүндө маалымдоо. Арыз ээсин келишим түзүү тартиби жана бекитилген баа прейскурантына ылайык суу алдындагы техникалык иштер үчүн төлөм жүргүзүү ыкмалары жөнүндө маалымдоо. | Суучулдар иши боюнча эксперт | 2 жумуш күн | Арыз ээсине маалымдоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
2- жол-жобо. Арыз ээси менен келишим түзүү жана суучул тобун топтоо (суу алдындагы техникалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо ). | ||||
Аракет 2.1 Суучул жана суу алдыдагы техникалык иштерди уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо, арыз ээсине кызмат көрсөтүү типтүү келишиминин эки экземплярын берүү. | Суучулдар иши боюнча эксперт | 1 жумуш күн | Келишимдин шарттарын макулдашуу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 2.2 Кызмат көрсөтүү келишимине кол коюу, баа прейскурантына ылайык эсеп счетуна кызматка төлөм жүргүзүү. | КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | 2 жумуш күн | Кол коюлган Келишим | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
3- жол-жобо. Суучулдар иши, суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү процессин өткөрүү. | ||||
Аракет 3.1 Суучулдар жу суу алдындагы техникалык иштерди уюштуруу жана жүргүзүү.
| Суучулдар иши боюнча эксперт | Келишимге ылайык | Керектүү иш көлөмү алынды | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
4- жол-жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү | ||||
Аракет 4.1 Аткарылган иш актысына кол коюу. | КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | 1 жумуш күн | Иштин аяктагандыгы тууралуу актыны берүү | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
5. 1, 2, 3, ж.б. жол – жоболордун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламент талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Күндөлүк көзөмөлдү КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын Терең суу шайма-шай бекетинин башчысы жүргүзөт.
2) Ички көзөмөл кызмат өкүлдөрү жана кызматкерлер менен административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү учурунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын дайыма текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
3) Текшерүү бир айда 1 жолу жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кардардын арызы боюнча жүргүзүлөт
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жок кылуу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилиги тууралуу маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен уюштурулган комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө берилет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан баштап 3 иш күн аралыгында ал кызмат көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн учурдан баштап бир ай ичинде аныкталган бузууларды жана мүчүлүштүктөрдү жок кылуу боюнча, аталган каталарга жол берген кызмат өкүлдөрүнө жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чара көрүлүшү керек.
Зарыл учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль 1 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламент талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат өкүлдөрү жана КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн аутсорсингге жеке физикалык жана /же юридикалык жактарга аткарууга берүү учурунда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламент талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарты менен бир учурда жана зарылчылыкка жараша кайра кароого жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы – полковник У.М.Шамырканов
2. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын суучулдар иши боюнча эксперти – Молдокеев Э.
3. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын юристи –Мамбеткулов Б.