Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2020-жылдын 24 июну №616
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 15 – сентябрындагы № 530 токтомуна, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018–жылдын 16 – январындагы №26 токтомуна жана “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы №85 токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административдик регламенттери бекитилсин:
1) “Мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруучу түзүлүштөрдүн куткаруучуларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу”, 1–тиркемеге ылайык;
2) “Суу алдындагы - техникалык, суучулдук ишти жана дайвингди уюштуруу жана жүргүзүү”, 2–тиркемеге ылайык;
3) “Суучул, сууга чөккөндөрдү куткаруучу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу”, 3–тиркемеге ылайык;
4) “Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат берүү”, 4–тиркемеге ылайык;
5) “Жарандык коргоо жаатында ӨЭУнун, мекемелердин, уюмдардын, коммерциялык структуралардын адистерин жана жеке адамдарды даярдоо жана кайра даярдоо”, 5–тиркемеге ылайык;
6) “Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды үйрөтүү”, 6–тиркемеге ылайык;
7) “Химиялык зыяндуу заттарды камтыган инженердик курулмаларды текшерүү жана мындай курулмаларды пайдаланган жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча корутундуларды берүү”, 7–тиркемеге ылайык;
8) “Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча шахталардын жана кендердин атайын жабдууларын сыноо”, 8–тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Укуктук камсыздоо бөлүмү:
1) ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
2) ушул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйруктун көчүрмөсүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ушул буйругу расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | З.М. Аскаров |