Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 6-мартындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
2020- жылдын 21-февралы №57
2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелинде дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февралындагы № 57 токтомуна тиркеме |
(КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 6-мартындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
Баткен облусу Лейлек району
Бешкент айылдык кеңеши (мандаттын саны - 21, анын ичинен 8 мандат аялдар үчүн резерв)
№ 1 - Андархам шайлоо округу: (№ 8008 - Андархам шайлоо участкасы)
Округдун жайгашкан жери: Ё.Болтаев көч. 2, А.Бобохонов атындагы орто мектеби
Шайлоочулардын саны: 1238
Мандаттардын саны - 4, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв
Шайлоо округунун чек арасы: Карл Маркс айылы, көчөлөрү: А.Отабоев, А.Кудайбердиев, Э.Жураев, А.Ёрматов, Ш.Насридинов, Ё.Болтаев, Ш.Авазов, А.X.Гаипов, С.Жабборов, Д.Муратов, А.Бердишукуров, А.Соипов, Н.Темиров, А.Дарвишов, А.Шукуров, Т.Бобоева, И.Сулайманов, Кызыл Коргон көчөлөрүндөгү жашаган элдер кирет.
№ 2 - Бешкент шайлоо округу: (№ 8009 - Бешкент жана № 8199 - Лайлы шайлоо участкалары)
Округдун жайгашкан жери: Бешкент көч. 23, Бешкент айылдык маданият үйү
Шайлоочулардын саны: 2593
Мандаттардын саны - 9, анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв
Шайлоо округунун чек арасы: Бешкент айылы, көчөлөрү: Т.Носиров, А.Навои, Ш.Мадаминов, Н.Абдуллаев, Абу Сахи, А.Умаров, И.Раззаков, Хужа, Ёшлик, Э.Отахонов, Арчазор, Тинчлик, Коргон, Кожо Бакырган, Кичик Булак, Тагап, Уяс, Жогору, Бешкент, Г.Джумабаев, Ырыскы, Борбордук.
көчөлөрүндөгү жана Лайлы айылы: А.Алимбеков, Достук көчөлөрүндөгү жашаган элдер кирет.
№ 3 - Кайрагач шайлоо округу: (№ 8010 - Кайрагач шайлоо участкасы)
Округдун жайгашкан жери: И.Раззаков көч. 51, Кайрагач айылдык угут-насаат үйү
Шайлоочулардын саны: 1579
Мандаттардын саны - 5, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв
Шайлоо округунун чек арасы: Кайрагач айылы, көчөлөрү: И.Раззаков, М.Хожиматов, А.Жабборов, Ю.Вохидов, Теван-2, Мечит, Канал-Баши, Ш.Кулматов, Улез-1, Улез-2, А.Мазаитов, Бахча-1, Бахча-2, Достук, Жаңы-Абад-2 көчөлөрүндөгү жашаган элдер кирет.
№ 4 - Эски-Овчу шайлоо округу: (№ 8181 - Эски Овчу шайлоо участкасы)
Округдун жайгашкан жери: И.Мамажанов көч. 2, А.Момунов атындагы орто мектеби
Шайлоочулардын саны: 768
Мандаттардын саны - 3, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв
Шайлоо округунун чек арасы: Эски-Оочу айылы, көчөлөрү: О.Сапаров, А.Саттаров, А.Полотов, И.Мамажанов, А.Гаипов, Г.Эркебаев көчөлөрүндөгү жашаган элдер кирет.
Маргун айылдык кеңеши (мандаттын саны - 11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв)
№ 1 - Маргун шайлоо округу: (№ 8006 - Маргун шайлоо участкасы)
Шайлоо округунун чек аралары:
1. Маргун жана Даргаз айылдарынын Чапкылдык, Тамаша жай, Мектеп, Шарылдак, Жаштык, Батыш, Бакча, Тик-Кочо, Орукзар, Ноосай, Акбата, Ынтымак, Чыгыш, Кыр, Узун-Сай, Мазар-Сай, Кок-Жантак, Ортолук, Актилек, Бакыбек көчөлөрүндө жашаган элдер кирет.
Округдун борбору жайгашкан жер: Чапкылдык көчөсү - 38, Маргун айылдык маданият үйү.
Округ боюнча жалпы шайлоочулардын саны: 1681
Мандаттардын саны - 7 анын ичинен 3 мандат аялдар резервине.
№ 2 - Дархум-Чурбек шайлоо округу: (№ 8005 - Дархум шайлоо участкасы, № 8007 - Чурбек шайлоо участкасы)
Шайлоо округунун чек аралары:
1. Дархум айылынын Ак-Булак, Жети-Таш, Абдиназар Сыдыков, Надыр Нышанов, Жумагул аксакал, Акмат Жолдуев көчөлөрүндө жашаган элдери жана Чурбек айылындагы Чурбек, Коргон көчөлөрүнүн жашоочулары кирет. Округдун борбору жайгашкан жер: А.Сыдыков көч. 25, Ш.Ташполотов атындагы орто мектебинин имараты.
Округ боюнча жалпы шайлоочулардын саны: 959
Мандаттардын саны - 4, анын ичинен 2 мандат аялдар резервине.