Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2020- жылдын 21-февралы №58
2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу, Аксы жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 12-апрелинде дайындалган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай жана Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-февалындагы № 58 токтомунун тиркемеси
|
Жалал-Абад облусу
Майлуу-Суу шаары
Майлуу-Суу шаардык кеңеши.
Бирдиктүү шайлоо округу.
Шайлоочулардын саны-11893.
Мандаттын саны – 31.
Майлуу-Суу шаарынын аймагы толугу менен кирет.
Аксы району
Авлетим айылдык кеңеши (Мандаттын саны-21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резерв)
№1 Мукур шайлоо округу (УШК № 2317)
Борбору: К. Алымкулов атындагы орто мектеп.
Шайлоочулардын саны: 1264.
Мандаттын саны 4, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Мукур айылы.
№2 Итагар шайлоо округу (УШК №2322)
Борбору: Итагар орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 653.
Мандаттын саны: 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Итагар айылы.
№3 Авлетим шайлоо округу (УШК №2318)
Борбору: А. Кабаев атындагы орто мектеп.
Шайлоочулардын саны: 1747.
Мандаттын саны: 6, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Авлетим, Көк-Жаңгак айылдары.
№4 Коргон шайлоо округу (УШК №2321)
Борбору: ФАП Коргон.
Шайлоочулардын саны: 792.
Мандаттын саны: 3, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Коргон айылы.
№5 Байгашка-Терек шайлоо округу (УШК №2319)
Борбору: Ы. Акылбеков атындагы орто мектеп.
Шайлоочулардын саны: 1240.
Мандаттын саны: 4, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Байгашка – Терек, Товар-Сай, Арал, Чоң-Таш айылдары.
№6 Дейрес шайлоо округу (УШК №2320)
Борбору: Нүзүп бий атындагы Дейрес орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 666. Мандаттын саны: 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Дейрес айылы.
Тогуз-Торо району
Атай айылдык кеңеши (Мандаттын саны-11, анын ичинен 4 мандат аялдар үчүн резерв)
№1 Атай шайлоо округу (УШК №2078)
Борбору: Атай айылдык маданият үйүнун имараты.
Шайлоочулардын саны: 1049.
Мандаттын саны: 8, анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Атай айылы жана бул айылдын аймагындагы Көк-Арт, Кара-Таш, Качыке, Кызыл-Октябрь, Кара-Гоо учаскаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№2 Карл-Маркс шайлоо округу (УИК №2079)
Борбору: Саймалуу-Таш орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 428.
Мандаттын саны: 3, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Карл-Маркс айылы жана бул айылдын аймагындагы Уй-Булак, Ала-Жыгач, Тепши, Чоң-Дөбө, Карагөң, Калдама, Ак-Таш учаскаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
Көк-Ирим айылдык кеңеши (Мандаттын саны-11, анын ичинен 5 мандат аялдар үчүн резерв)
№1 Арал шайлоо округу (УИК №2080)
Борбору: Арал айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1293.
Мандаттын саны: 7, анын ичинен 3 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Арал айылы жана бул айылдын аймагындагы Ак-Терек, Колбоор, Чакы, Тогуз-Булак, Тескей, Чайка, Кичи-Колбоор, Тай- Сарай, Ноот учаскаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№2 Бирдик шайлоо округу (УИК №2081)
Борбору: Бирдик орто мектебинин имараты.
Шайлоочулардын саны: 734.
Мандаттын саны: 4, анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн резерв.
Чек арасы: Бирдик айылы жана бул айылдын аймагындагы Казык, Алтын-Добо, Чырпыкты-Бейит, Көк-Ой, Келин-Таш, Ак-Чий, Көкчө, Ак-Сай учаскаларында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.